KELECHEK
rek

Атамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады

Атамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу болгонун ырастап, билдирүү таратты. Анын билдирүүсүн 19-февралда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Султанбеков жарыялаган билдирүүдө, Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы) менен жолугушуу болот" деп чакырышканын билдирген.

"Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм. Президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем. Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деп жазган Атамбаев.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Ал бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле", - деген Жапаров.

Ушундан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууга Кыргызстан эгемен алгандан кийин өлкө башына келген жетекчилердин баары катышканын жазган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12