
ЭлТР телеканалы "ПолитКлиниканы" сотко берди

ЭлТР телеканалы "ПолитКлиника" басылмасын сотко берди. Бул тууралуу аталган басылма сайтына жазды.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик телеканал "ПолитКлиника" медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган "ЭлТРдин "Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес" дегени калп" деп аталган видеосуна байланыштуу сотко кайрылган.
"ЭлТР арызында "ПолитКлиника" бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген" деп билдирген. Компания басылмадан аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон "ПолитКлиника" редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн", - деп жазды "ПолитКлиника" басылмасы.
"ПолитКлиника" медиасы ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирди.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков 8-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу: "Президенттин ишмердүүлүгү тууралуу жалган маалыматтарга ыкчам көңүл бурабыз жана аныгын тактап бергенге даярбыз. Бул жолу Дилбар Алимова жетектеген "Политклиника" медиасы такталбаган калп маалыматтарды таратты", - деп билдирген.
Дилбар Алимова "Азаттыкка" комментарий берип жатып, басылма такталган гана маалыматтарды чыгарарын белгилеген.
"ПолитКлиника" соңку кездери фактчект аркылуу кайсы бир маалыматтардын, билдирүүлөрдүн чын-бышыгын фактылар, далилдер менен тактаганга аракет кылып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20