KELECHEK
rek

Орусия Крымдагы украиналыктардын 700дөй активин улутташтырды

Орусия Крымдагы украиналыктардын 700дөй активин улутташтырды

Аннексияланган Крымдын бийлиги украиналыктардын 700дөй активин улутташтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды.

Аймактын мамлекеттик кеңешинин башчысы Владимир Константиновдун айтымында, улутташтырылган мүлк ээлеринин арасында Ринат Ахметов, Игорь Коломойский, Арсений Яценюк, Нестор Шуфрич, Сергей Тарута жана башка ири украин бизнесмендери жана саясатчылары бар.

Орусия дайындаган Крым парламенти мүлк ээлерин Киевдин бийлиги менен байланышта болуп, Орусияга каршы аракеттерди жасап жатат деп эсептейт. Улутташтырылган мүлктөр сатыкка коюлуп, түшкөн каражат Орусиянын аскердик аракеттерин колдоого жумшаларын Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов билдирди.

Бул мүлктөр баасы бычылган соң гана сатыкка чыгарылат. Владимир Константинов алардын баасы миллиарддаган рубль болот деп болжолдоп жатат.

Буга чейин Крым парламенти украин бизнесмендеринин мүлктөрүн улутташтыруу чечимин кабыл алып, "Стройиндустрия" Бахчысарай комбинаты, кеме куруучу "Залив" заводу, "Новацентр" курулуш гипермаркети жана соода комплекси, "Мегастройдун" жер тилкелери сыяктуу кыймылсыз мүлктөр алынган.

Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алып, 2022-жылдын 24-февралында согуш ачкан. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, аннексияланганын жарыялаганы менен дүйнө аны тааныган жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52