KELECHEK
rek

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасынын 20 чакырымга жакын тилкеси такталды

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасынын 20 чакырымга жакын тилкеси такталды

Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасынын 19,06 чакырым тилкеси такталды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул тилкелер Баткен облусунун Лейлек району менен чектешкен Согд облусундагы Деваштич, Спитамен жана Жаббор Расулов райондорунда жайгашкан.

"Тараптар бир жарым жылдын ичинде кыргыз-тажик чек арасынын 102 чакырымга созулган тилкесинин долбоордук тактоо иштерин аяктады. Бүгүнкү күнгө карата эки өлкөнүн макулдашылган чек ара тилкесинин жалпы узундугу 626 чакырымга жакын", – деди Мухриддин.

Министр 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда топографиялык жумушчу топтордун жети жолугушуусу өткөнүн кошумчалады. "Кыргыз-тажик чек арасын тактоо – системалуу түрдө жүрүүдө. Жолугушуулардагы атмосфера жаман эмес", – деди ал.

Быйыл 3-9-февраль күндөрү Бишкекте кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын" маалымдаган. Ошондой эле келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41