KELECHEK
rek

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э. Алиевдин эстелик-бюсту ачылды

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э. Алиевдин эстелик-бюсту ачылды

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан №11 Э.Алиев атындагы орто мектепте Кыргызстандын тунгуч генералы болгон, милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесине карата эстелик-бюстун ачылуу аземи жана Улуу Жеңиштин 71 жылдык майрамдык салтанаты болду. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарага КР ИИМнин 1-орун басары, милициянын полковниги Касымалиев Нурбай Адиевич, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакыт Анаркулов, ИИМнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, Генералдар Ассосациясынын төрагасы, КР гербдин авторунун бири генерал-майор Садырбек Дубанаев, Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов,  Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Джоробеков жана Ош, Баткен облсунун ИИОнын жетекчилиги жана милициянын ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Эргеш Алиевдин жергиликтүү айылдаштары, туугандары катышышты.

Эскерүү кечесинде, КР ИИМнин 1-орун басары Касымалиев Нурбай Адиевич сөзгө чыгып, Эргеш Алиевдин өмүр таржымалына кенен токтолуп өттү.Ошондой эле КР ИИМги тарабынан аталган мектепке  компьютерлерди тапшырды. Генералдар ассосациясынын төрагасы С.Дубанаевдин билдиришинче, алардын сунушу менен Эргеш Алиев атындагы атайын орден, наамдарды киргизүүнү сунушташкан.

- Туңгуч  Генерал  майор  Эргеш  Алиев бүт  өмүрүн    милиция  кызматтына  арнаган  жана  ал  өзүнүн  таасирлүү  ойчул  сөздөрү  менен  СССР  доорунда    катардагы  кызматкерлерге  касиетүү курч  сөзү менен  өзүнүн  жумушунда  жоопкерчилиги,  күжүрмөндүгү  менен  кадыр-барктуу  инсан  болгон.  Эргеш Алиевдин: “Кылмыштуулуктуу  алдын  алуу, өрт  өчүргөн  менен  барабар“ -  деп  айткан  сөзүн  ушул  күнгө  чейин  күч  кызматкерлери  колдонуп  келет. Эргеш  Алиевдин  110-жылдык   эскерүү  кечеси 2016-жылдын “Тарых  жана  маданият  жылына”  дал  келип, Генералдын  тарыхына, өмүр  таржымалына  кайрылып  өзүнүн  туулуп  өскөн  жерине  келип, анын  атын  өчүрбөй  айылдаштыры, кесиптештери, ардагерлер  милиция   кызматкерлер    балдары,  кыздары  жана   жакындары   Эргеш  Алиев  атындагы  №11-мектепте  анын айкелинин  ачылуу   аземине  катышып  жаткандыгы  баарыбызды  кубандырат. Бул  уулу  инсандын  тарыхына  кайрылып  анын  күжүрмөн  тартипти  бекем  кармагандыгын,   биз  азыркы  муундагы  жашап  жаткан  жаштарыбызга  айтып,  алардын  патриоттук  сезимин  ойготууга,  мекенди  сүйүүгө, улууну  урматтоого, кичүүнү  ызаттоого  жана  жаштар  арасында  “Ар бир  кесип  ардактуу”- деген   жана    аскердик  тарбиялык  иш- чараларды    байма-бай   өткөрүп  туруу  зарыл  экенин белгилеп  кетким  келет. Ошондо  гана биздин    келечектеги  жаштар  сөзсүз  түрдө    ар  кандай  терс  көрүнүштөрдөн  арылып,   Ата-Мекенине  чын  жүрөгү  менен  кызмат  өтөөрүнө   ишенем, - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков.

Ошондой эле, Жалал-Абад  ОИИБгы  тарабынан  50 миң сом  акча  каражаты  Эргеш  Алиевдин  фондуна которулду. Эске салсак, бул фонддун демилгеси менен бир топ спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.    

Иш-чараны уюштургандарга, КР Ички иштер министрлигине туугандарынын атынан Эргеш Алиевдин кызы Тамара Алиева сөзгө чыгып, өз ыраазычылыктарын билдиришти жана Э.Алиевдин атын алып жүргөн мектеп окуучулары жана ИИМдин академиясынын бүтүрүүчүлөрү атасынын атын эч качан унутта калтырбасытыгына ишенимин айтты.

“Андан соң,  эстелик бюстун ачылуу аземи болуп,  маркум генералды жана көзү өткөн Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү минутасы жана  куран окутулду. Аземдин соңунда, Алиевдин өмүр таржымалынан алынган театрлаштырылган көрүнүш жана концерттик программалар мектеп окуучулары тарабынан тартууланды”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Арстанбап айыл аймагында Базар-Коргон РИИБмүнун 10-бөлүмү, Кыргызстандын мусулмандардын азирети...

Аймак 2016-06-20  13:29