KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарын ѳнүктүрүүгѳ республикалык бюджеттен 2 млрд. сом акча каражаты бөлүнөт (ФОТО)

Жалал-Абад шаарын ѳнүктүрүүгѳ республикалык бюджеттен 2 млрд. сом акча каражаты бөлүнөт (ФОТО)

Өткөн жума 21-феаралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мэрия тарабынан 2022-жылы аткарылган жумуштардын отчётун берип, шаарды өнүктүрүү максатында 2023-жылга республикалык бюджеттен бөлүнүп жатканын 2 млрд. сом акча каражатына сунушталган долбоорлорду коомдук угууга келген коомчулукка тааныштырды.

Жалал-Абад шаарын ѳнүктүрүүгѳ багытталган программасына сунушталуучу долбоорлор

  • Шаардык жол башкармалыгынын базасында асфальт-бетон заводун куруу
  • Жол башкармалыгынын базасында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводун куруу
  • «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин базасында таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу
  • Жаш балдар ойноочу комплекс куруу
  • Кинотеатр куруу
  • Жолдорду капиталдык оңдоо
  • Тротуарларды жана веложолдорду куруу
  • Шаардын жаштары үчүн спорттук мектеп-интернаттын ачуу
  • Инновациялык IT борборун куруу
  • Облустук кургак учукка каршы күрѳшүү борборуна жаңы корпус куруу
  • Облустук ооруканага жаңы корпус куруу
  • Бала-бакча куруу
  • Шаардын аймагына техникалык суу чыгаруу

Шаардык жол башкармалыгынын базасында асфальт-бетон заводун куруу

Долбоордун максаты – шаардагы 149,1 км. узундуктагы ички жолдорго асфальт тѳшѳѳ, жѳѳ адамдар жүрүүчү тротуарларды куруу

Долбоордун кѳрсѳткүчтѳрү:

  1. Кубаттуулугу – 80 тонна/саатына
  2. Керектүү инвестициянын кѳлѳмү:  112,0 млн. сом.
  3. Туруктуу 19 жумушчу орун түзүлѳт.
  4. Завод курулуучу жайдын аянты 0,80 гектарды түзѳт.

«Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин базасында таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу

Долбоордун максаты – шаарды санитардык тазалоону жүргүзүү, экологиялык жана санитардык зыянга алып келбей калдыктарды 90%га чейин кайра иштетүү.

  1. Керектүү инвестициянын кѳлѳмү:

220,0  млн. сом.

  1. Туруктуу 25 жумушчу орун түзүлѳт.
  2. Завод курулуучу жайдын аянты 1 гектарды түзѳт.

Жол башкармалыгынын базасында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводун куруу

Долбоордун максаты – шаардагы ирригация системасын ондоо (лотокторду куруу), люк, темир бетон куурларды, бетондорду, электр мамыларды сатууга чыгаруу

  1. Керектүү инвестициянын кѳлѳмү:

жалпы – 88,2 млн. сом.

  1. Туруктуу 25 жумушчу орун түзүлѳт.
  2. Завод курулуучу жайдын аянты 0,80 гектарды түзѳт.

Жаш балдар ойноочу комплекс куруу

Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков атындагы эс алуу багына шаардын тургундарына жана коноктор үчүн заманбап балдар ойноочу комплекс курулат.

Долбоорду ишке ашырууга болжолдуу 108,0 млн. сом акча каражаты керектелет.

Кинотеатр куруу

Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков атындагы эс алуу багына шаардын тургундарына жана коноктор үчүн заманбап кинотеатр курулат.

Долбоорду ишке ашырууга болжолдуу 100,0 млн. сом акча каражаты керектелет.

Жолдорду капиталдык оңдоо

-Ленин  (Курортный тилкесинен ЖККК имаратына чейин 3,8 км);

- Пушкин (Ж. Бакиев, Б. Осмонов көчөлөрүнө чейин 1,9 км);

- Индустриальный (Назаров көчөсүнөн Б.Осмоновго чейин 2,8 км);

- Т.Байзаков (Мамыр-Баатыр көчөсүнөн С.Айтбаев көчөсүнө чейин 1,2 км).

- Манас (С.Айтбаев кѳчѳсүнѳн сакырнды сууларды тазалоочу жайга чейин 1,9 км);

- Б.Осмонов 2,6 км.

Жалпысы 14,2 км. узундукта жол курулат

Шаардын жаштары үчүн спорттук мектеп-интернаттын ачуу

Пушкин кѳчѳсүндѳ жайгашкан №1 кесипттик лицейдин ордуна спорт интернатын уюштуруу:

Имараттардын жалпы аянты: 7158,3 м2, жердин жалпы аянты: 8 гектарды түзѳт.

Түштүк регионунда Дүйнѳлүк жана олимпиадалык спортсмендерди даярдоого мүмкүнчүлүк  түзүлѳт. 

Капиталдык оңдоп-түзѳѳгѳ болжолдуу 120,0 млн. сом акча каражаты керектелет.

Инновациялык IT борборун куруу

-Ж.Бакиев кѳчѳсүндѳ №17 дарегинде муниципалдык жер орун алган

-Аянты 1727 м2 түзѳт.

Окуу борбор курууга болжолдуу 100,0 млн. сом акча каражаты керектелет.

Кургак учукка каршы күрѳшүү борборуна жаңы имарат куруу:

Борбор 1948-жылы Сузак районунун Барпы айылдык кеңешинин аймагында 25 орунга ылайыкташтырылып  ачылган.  Жыл сайын  кеңейтилип отуруп, 500 орунга ылайыкташтырылган ооруканага  айланган.

Бүгүнкү күндѳ №3 ѳпкѳ бѳлүмү, МЛУ, №1, №2 бѳлүмдѳрү да жараксыз абалда.   

Бауэр Р.Г. атындагы Жалал – Абад облустук кургак учукка каршы күрѳшүү борбору жаңы типтеги инфекциялык кѳзѳмѳлдүн бардык деңгээлине туура келүүчү  оорукананын имаратынын курулушуна муктаж.

Жаңы имарат курууга 300,0 млн. сом акча каражаты керектелет

Жаңы оорукана куруу

Жасалма бөйрөк бөлүмү 1967-жылы курулган. Бөлүм 2012-жылы түптөлгөн. Бөлүмдө 8-нефрологиялык, 6-гематологиялык, 2- токсикологиялык , 4- диализге керебеттер каралган.  Жылына бөлүмдө  650-750 бейтап  дарыланып чыгат.  Бөлүмгө башка жыладарга салыштырмалуу бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптар кѳп келүүдѳ.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапиялык бөлүмдөрүнө: терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө заманбап имарат куруу зарыл.

Долбоорду ишке ашырууга 350,0 млн. сом акча каражаты керектелет.

Муниципалдык бала-бакча куруу

М.Исакулов кѳчѳсүнѳ 100 орундуу, 2 кабаттуу бала-бакча куруу:

-жердин аянты: 48,0 сотых

-долбоордун сметалык баасы: 39 млн. 875 миң сом.

-Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык бала-бакча бар.

-144 тайпа, 3250 бала, факты менен алганда 4826 бала-бакчага келет.

2-6 жашка чейинки бала-бакчага баруучу балдардын саны - 14291.

-бала-бакчага кирүү үчүн кезекке турган балдардын саны - 2323.

Шаар аймагында 5 скважина насостору менен куруу жана реабилитациялоо долбоору

Долбоордун баяндамасы:

Долбоордун максаты – шаар аймагындагы көчөттөрдү сугаруу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында техникалык суу чыгарууга 5 скважина куруу.

 Долбоордун кѳрсѳткүчтѳрү

  1. Кубаттуулугу – 40м3/сутка
  2. Керектүү инвестициянын кѳлѳмү – 32,0  млн. сом;
  3. Салымдардын жалпы суммасы жана жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешенин өлчөмү техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккандан кийин аныкталат.
  4.  Долбоор ишке ашса 16 жумушчу орун түзүлөт.

Материал Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору берген маалыматтын негизинде даярдалды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24