KELECHEK
rek

Сыртка пияз экспорттоого уруксат берилди

Сыртка пияз экспорттоого уруксат берилди

Айыл чарба министрлиги сыртка пияз экспорттоого салынган тыюуну алды. Мекеменин басма сөз кызматы мындай чечим ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январда үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасынын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

18-январда Казакстандын өкмөтү да өлкө ичиндеги бааларды турукташтыруу үчүн пияз экспортун үч айга токтоткон.

"Үчүнчү өлкөлөрдө казак пиязына болгон суроо-талаптын өсүшү Пакистандагы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу. Бул өлкө Азиядагы жана дүйнөдөгү ири пияз өндүрүүчү болуп эсептелет. Андагы суу ташкындарынан улам пияздын дүйнөлүк, анын ичинде биздин өлкөдөгү баасы да кыйла жогорулады", – деп жазылган Казакстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.

Январда Тажикстандын өкмөтү сыртка пияз, картөшкө жана сабиз экспорттоого тыюу салган. Анда мындай чечим айыл чабра азыктарынын баасы жогорулап кеткенине байланыштуу кабыл алынып, "базар турукташканга чейин" күчүндө болору кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38