KELECHEK
rek

Түркияга жардам: өкмөттүн атайын эсебине 70 миллион сом чогулду

Түркияга жардам: өкмөттүн атайын эсебине 70 миллион сом чогулду

27-февралга карата Каржы министрлигинин атайын эсебине 70 миллион 837,8 миң сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Азыркы курс менен алганда бул 6,5 млн доллардын тегереги болот. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эсеп 7-февралда Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачкан. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, 17-февралга карата 992 миң 869 доллар жана 1 418 евро чогулган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган 27-февралдагы маалымат жыйынында зилзаладан жабыр тарткандарга жардам чогултуу уланып жатканын билдирди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 50 миңге чамалады. Зилзаладан кыргызстандык бир жаран набыт болгон.

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 102 өлкө жардам сунуштап, 90 мамлекеттен куткаруучулар, медициналык кызматкерлер барган.

Кыргызстандык куткаруучу топ урандылар алдынан 8 кишини тирүү куткарып, 198 кишинин сөөгүн алып чыккан. ӨКМ тарабынан 127 боз үй, 2 кийиз контейнер жана жети стандарттык палата жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлиги 500 матрас, 500 төшөнчү мүшөк (спальный мешок), 100 жылыткыч жана 1000 жууркан жиберген.

Элчилик каржылык жана жардамдын башка түрлөрүн кабыл аларын жарыялаган. Түркияга кыргызстандыктардан жалпы 50 тоннадан ашык жардам жөнөтүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13