KELECHEK
rek

ТИМ Новосибирсктеги жарылуудан кыргызстандык аял каза болгонун кабарлады

ТИМ Новосибирсктеги жарылуудан кыргызстандык аял каза болгонун кабарлады

9-февралда Орусиянын Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан жаракат алган кыргызстандык аял набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, газ жарылган учурда анын омурткасы сынган. Ага Новосибирскидеги Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалган. 21-февралда Бердск шаарындагы реабилитациялык борборго которулган. 24-февраль күнү ал Бердск шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, көп өтпөй каза болгон.

ТИМ Башкы консулдук кыргыз диаспорасы менен биргеликте маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам көрсөткөнүн белгиледи.

Маркумдун сөөгүн жакындары Ош шаарына алып кетишти.

9-февралда беш кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, үйдүн эки подьезди кыйраган. 15 адам набыт болуп, 30 батир жабыркаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...