KELECHEK
rek

Сот "Азаттык Медианын" банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча доо арызды кароону токтотту

Сот

Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа" мекемеси банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы жазган арызды кароону токтотту. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимди "Азаттык Медианын" Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу кабыл алганын билдирди.

Сыдыков банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу "Азаттык Медиа" мекемеси 2022-жылдын 27-октябрынан 28-декабрына чейин каражатын пайдалана албаганын, мындан улам башкаруучу компания салыктарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айып пул катары мамлекетке кошумча 100 миң сомдон ашык акча төлөөгө аргасыз болгонун билдирди.

Адвокат сот ишти маңызы боюнча карагандан кийин гана чечим чыгарышы керектигин белгилеп, жогорку баскычтагы сотко доо арыз жазыларын кошумчалады.

Былтыр 31-октябрда "Азаттык Медианын" "Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, "Азаттык Медиа" "Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине" киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган.

Азыр "Азаттыктын" сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иши уланып жатат. 7-мартта Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Министрлик өткөн жылы 26-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун дагы бир кызматы - "Настоящее время" телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...