KELECHEK
rek

Дарыгер А.Тургунбаев: “Кургак учуктун дарыга туруктуу формасы көбөйүп жатат”

Дарыгер А.Тургунбаев: “Кургак учуктун дарыга туруктуу формасы көбөйүп жатат”

Жалал-Абад шаарындагы “Көк-АртИнфо” маалымат борборунда 25-март күнү Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүлдү.

Маалымат жыйынга USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо" долбоорунун кызматкери Жаркынай Сейитова, Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Акжол Тургунбаев, Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү кабинетинин дарыгер-фтизиатры Гүлсүн Матраимова катышты. Жыйында Жалал-Абад облусунда кургак учук менен ооругандар, анын жаңы учурларын аныктоо жана дарылоо боюнча биргелешкен иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Акжол Тургунбаевдин берген маалыматына караганда, 2021-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 697 кургак учук учурдун жалпы саны катталган болсо, ал эми 2022-жылы облуста 701 кургак учук учуру катталган. Бул көрсөткүч Жалал-Абад облусунда жаңы ооруларды аныктоодо жакшы саамалык болуп жатканын көрсөтөт.

- Кургуак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Бир айлыктын алкагында буткүл облус боюнча бир нече иш-чаралар аткарылды. Айта турган болсок, базарларда, бардык мекеме-ишканаларда, диний мекемелерде, мечиттерде “Кургак учукту жеңебиз!”- деген ураан менен бардык иш-чараларга катышып, кургак учуктун жугуу жолдору, кандай кылганда сактануу керектиги боюнча маалыматтарды бердик. Бүгүнкү күндө жалпы облус боюнча кургак учук оорусу акыркы эки жылда туруктуу эле болуп келе жатат. Бирок, дарыга туруктуу формасы көбөйүп жатат, - дейт А.Тургунбаев.

Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү кабинетинин дарыгер-фтизиатры Гүлсүн Матраимованын сөзүнө караганда, жылда кургак учуккка каршы күнүнө карата өткөрүлгөн бир айлыкка активдүү катышып, иш алып барышат. Быйылкы жылы 24-февралдан 24-мартка чейин шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер, медайымдар менен чогуу кургак учуктун алдын алуу, андан кантип сактануу керектиги боюнча иш алып барышкан.

Жалал-Абад шаарында 2022-жылы бизде 86 оорулуу катталган болсо, ал эми 2021-жылы  96 катталган. Эми салыштырмалуу 10 бейтапка азайды дейбиз. Бирок шаар боюнча алганда,  эпидкырдаал кооптуу бойдон калууда. Себеби, тышкы миграциядан ооруп келген бейтаптардан көбөйүп жатат. Бизди тынчсыздандырганы кургак учуктун дарыга туруктуу формасы көбөйүп бара жатат. Биз ошолор менен көбүрөөк иш алып барабыз. Облустук кургак учукка каршы борборунун дарыгерлери менен дайыма чогуу биргеликте иш алып барып жатабыз. Айта кете турган нерсе, өткөн жылга 96 бейтап катталса, анын ичинен 67си жаңы табылган оорулар. Арасынан кайталап ооругандар да бар. Кайталап ооругандар 2021-жылы көбөйгөн болсо, 2022-жылы бир аз азайды”, - дейт Г.Матраимова.

Даргердин айтыманда, өспүрүмдөр, балдар арасында ооругандардын саны өсүп жатат. Себеби, ата-энеси ооруп калгандан улам, балдарына жугуп калууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кургак учукту ата-эенелиринен жуктуруп алышат. Оорунун алдын алып, өз убагында тапканга аракет жүргүзулөт. Кургак учук – аба аркылуу жугуучу оору болуп саналат.

КР Улуттук Кызыл ай коомунун Жалал-Абад облустук филиалынын жана USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо" долбоорунун кызматкери Жаркынай Сейитованын берген маалыматына караганда, 24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө арналган иш-чаралар көп болду. Анын ичинде кургак учуктун жаңы учурларын аныктоонун жана дарылоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымат берүү боюнча долбоордун волонтерлору тарабынан бир нече иш-чаралар уюштурулган.

- Жаштар жана жалпы калк үчүн көптөгөн акциялар уюштурулду. Мисалга алсак, балдарды кургак учукка текшерүү жүргүзүү, балдар үйлөрүндө, жатак мектептерде балдар үчүн жөтөлгө каршы гигиена боюнча куурчак театры, сүрөт сынактары болуп өттү. Кургак учук менен ооруган ооруканада дарыланып жаткан балдар жана чоңдор үчүн концерт уюштурулуп азык-түлүк жана мөмө-жемиш баштыкчалары белек катары берилди. Жалал-Абад облусунун мектептеринде жана жогорку окуу жайларында маалымат сессиялары болуп өттү.

Ошондой эле, кургак учукка каршы иммунитетти бекемдөө үчүн сергек жашоо образын пропагандалоо максатында медициналык окуу жайлар жана медициналык мекемелер арасында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү, - деди Ж.Сейитова.

Долбоор боюнча маалымат. Нарын жана Жалал-Абад облустарында USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” долбоору 2020-жылы биринчи фазасы 3 жылдык мөөнөткө түзүлгөн.

Экинчи фазасы 2023-жылдан уланып, 2024-жылдын сентябрь айына чейин иш алып барат. Экинчи фазасында географиялык камтылган аймактар кенейген. Азыркы күндө долбоор Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Баткен облустарында иш алып барууда.

Долбоор Америка Кошмо Штатынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, Улуттук Кызыл Ай Коому "Доор" коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылат. Долбоордун чегинде кургак учук менен ооругандар үчүн жана кургак учуктун жаңы учурларын аныктоого патронаждык кызматтар көрсөтүлөт.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24