KELECHEK
rek

Түркия: президенттикке мурдагы талапкер тарапташтарын Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү

Түркия: президенттикке мурдагы талапкер тарапташтарын Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү

Синан Оган

Түркиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 5% добуш алган АТА альянсынын талапкери Синан Оган тарапташтарын Режеп Тайып Эрдоганды колдоого чакырды. Бул тууралуу ал Эрдоган менен жолугуп чыккандан кийин билдирди.

Hurriyet басылмасынын маалыматына караганда, Оган Эрдогандан "Конституциянын айрым беренелерин өзгөртпөөнү, террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү жана сириялык качкындарды акырындап депортациялоону" талап кылган.

Түркияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтогон.

АТА альянсынан чыккан Синан Оган 5,17%, "Мамлекет" партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алган.

Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланган. Анда Эрдоган жана Кылычдароглу ат салышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...