KELECHEK
rek

Жаза аткаруу кызматы абакта ачкачылык жарыялагандар тууралуу маалымат берди

Жаза аткаруу кызматы абакта ачкачылык жарыялагандар тууралуу маалымат берди

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандар боюнча маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы беш киши ачкачылыкты улантып жатканын, алардын абалы "дурус" экенин билдирди. Алар - Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек.

ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан.

"Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардан кабар алганын билдирген. Борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков беш киши ачкачылык кармоону улантып жатканын, алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышканын айткан.

Камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп жатышканына нааразылык иретинде 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканы белгилүү болгон. Абактагылар "басымды токтотууну" талап кылышкан.

Буга чейин ЖАК айып изоляторуна үч күн мурда киргизилген Атай Бейшенбек ал жактан 21-майда чыгарылганын маалымдаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган. Кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр 10дон ашыгы абакта отурат.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү" жана "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53