KELECHEK
rek

Орусия Кыргызстанга 9 мектеп курууга ниеттенүүдө

Орусия Кыргызстанга 9 мектеп курууга ниеттенүүдө

Газпром мектеби

Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстандагы кыргыз-орус мектептеринин курулушун баштоо иш-чарасына видеокөпүрө форматында катышат.

Бул тууралуу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына 1-сентябрда Орусия салып бергени жаткан үч мектептин курулушу расмий башталарын жазды.

"Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын билдирген алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу аземине видеокөпүрө форматында катышат. Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш долборлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат. Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү каралууда. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат",-деп жазды Султанбаев.

Орусия билим берүү долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда тогуз мектеп куруп берери былтыр жыл аягында белгилүү болгон. Анда бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү - Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алары айтылган.

Жогорку Кеңеш мектеп куруу тууралуу эки тараптуу макулдашууну июнь айында жактырган.

Учурда Бишкекте Орусия салып берген "Газпром" мектеби бар. Аны Министрлер кабинети өкмөттөр ортосундагы макулдашуунун негизинде "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берген. Буга чейин "Газпром-Кыргызстан" жылына 20,8 миллион сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30