KELECHEK
rek

Адвокат: Мадумаровдун бөгөт чарасын толук жокко чыгаруу тууралуу арыз берилет

Адвокат: Мадумаровдун бөгөт чарасын толук жокко чыгаруу тууралуу арыз берилет

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду камакка алууга негиз болгон сот чечимин толук жокко чыгаруу тууралуу арыз берилет. Бул тууралуу 3-сентябрда анын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди.

Жактоочу шаардык соттун канцелярия бөлүмү дем алышта жабык болгондуктан арыз дүйшөмбү күнү тапшырыларын айтты:

"Бүгүн соттун канцеляриясы иштебейт. Апелляциялык арыз эртең берилет. Үй камагы эмес, толугу менен бөгөт коюу чарасын алуу деп суранабыз".

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери 2-сентябрда кармап кетишкен. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бөгөт чарасы аныкталып, ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетип баратканда журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу кармалганын айтып, муну "жомок" деп баалаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53