KELECHEK
rek

Тель-Авивдеги башаламандыкта 160тан ашык киши жабыркады

Тель-Авивдеги башаламандыкта 160тан ашык киши жабыркады

3-сентябрга караган түнү Тель-Авив шаарында Эритреянын жарандары катышкан башаламандыкта 160тан ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын 50гө жакынын тартип орнотууга аракет кылган полиция кызматкерлери түзөт.

2-сентябрда бир катар өлкөлөрдө Эритрея маданиятынын фестивалы уюштурулган. Бул күнү Тель-Авив шаарында саясий башпаанек сураган эритреялык качкындар топтолуп, өз өлкөсүнүн бийлигинин саясатына каршылыгын билдирип чыгышкан. Эритреянын Израилдеги элчилигинин алдына барганда алар өлкө бийлигин колдогон мекендештери менен чырдашып, башаламандык тутанып кеткен.

Урушкан тараптар бири-бирине таш ыргытып, тегеректеги имараттардын айнектерин талкалап, таштанды салынган челектерди өрттөшкөн. Полиция аларга каршы союл жана кулак тундуруучу граната колдонуп, 39 адамды камакка алды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху коопсуздук кызматтары менен чукул жыйын өткөрүп, башаламандык уюштургандарга катуу чара көрүлүп, алар өлкөдөн чыгарыларын билдирди.

Африканын чыгышындагы калкынын саны 4 миллионду түзгөн Эритреяда элдин 70% жакырчылыкта жашайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...