KELECHEK
rek

Шакиев Конституциялык соттун судьяларынын кызматтан кетишин талап кылды

Шакиев Конституциялык соттун судьяларынын кызматтан кетишин талап кылды

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев "матроним" маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды.

Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында билдирип, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты.

"Бул кыргыз элине, улутка чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз кызматтан кетиши керек. Келечекке балта чапкан осол иш болбошу керек эле. Бул абдан жат көрүнүш. Конституциялык соттун толук курамы кызматтан кетишин талап кылам", деди Шакиев.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана "Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү" мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен "атасынын аты" деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Аталган орган бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Бул чечимден кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям", - деп билдирүү жазган.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштаган. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12