KELECHEK
rek

Берлин: оппозициялык активисттер Борбор Азия лидерлеринен Орусияга жардам бербөөнү талап кылышты

Берлин: оппозициялык активисттер Борбор Азия лидерлеринен Орусияга жардам бербөөнү талап кылышты

Бүгүн Берлин шаарында башталган "Борбор Азия – Германия" саммити учурунда чет өлкөлөрдө жашаган оппозициялык маанайдагы борбор азиялык активисттер нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар аймактагы өлкөлөрдүн лидерлеринен "Путинге эл аралык санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербөөнү", "Орусиянын Украинага каршы агрессиясын ачык айыптоону" жана "чөлкөмдөгү Кремлдин пропагандасын токтотууну" талап кылышты.

Оппозициялык активисттер мындан тышкары Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттеринен сөз эркиндигин жакшыртууну, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууну, жарандарды саясий, диний же башка негиздер менен куугунуктоону токтотууну талап кылышты. Акциянын жүрүшүндө ошондой эле бийликти сындаган оппозициялык партиялар менен кыймылдардын президенттик жана парламенттик шайлоолорго катышуусуна мүмкүндүк түзүү талабы да айтылды.

Саммит өтүп жаткан президенттик сарайдын алдына чогулган өзбек активисттери Өзбекстан президентинин картежи өтүп бараткан маалда "Мирзиёев – Путиндин вассалы" деп кыйкырышты. Бул учур тартылган видеону "Эркин Өзбекстан" уюму жарыялады.

Германияда жашаган Раушан Толганбаева аттуу казак жараны "Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканы үчүн" Касым-Жомарт Токаевдин жеке өзүнө каршы персоналдык санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Нараазылык акциялар өткөн президенттик сарайдын алдындагы аянтта оппозиция өкүлдөрүнөн тышкары бийликчил активисттер да жүрдү. Алардын саны кыйла көп болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52