KELECHEK
rek

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде алдыңкы тажрыйба борбору иштеп жатат

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде алдыңкы тажрыйба борбору иштеп жатат

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 16-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшүп, пресс-тур уюштурушту.

Маалымат жыйынга ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов, Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин директору Бариса Турдубаева, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Эрнис Бөрүбаев, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Куттубек Алиев, иш берүүчү Элистан Дарбанов жана мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздардын ата-энелери катышышты.

 ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин директору Бариса Турдубаева өзү жетектеген окуу жай боюнча кыскача маалымат берди.

- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы индустриалдык-педагогикалык техникум катары 1999-жылдын 11-февралындагы №41 буйругунун негизинде уюшулган.

2019-жылы колледж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Аталган долбоордун негизинде пилоттук колледжде Алдыңкы тажырыйба борбору уюшулган.

Окуу жай төмөнкү адистиктер боюнча кадрларды даярдайт:

  • Ветеринария (Ветеринардык фельдшер)
  • Дене тарбия (Дене тарбия боюнча педагог)
  • Башталгыч класста окутуу (бюджет/контракт) (Башталгыч класстын мугалими)
  • Мектепке чейинки билим берүү (бюджет/контракт) (Мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы)
  • Чет тили (Кытай тили)
  • Автомобил унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо (Техник)
  • Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) (Техник)
  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (Техник-программист)
  • Электр менен жабдуу (Техник)
  • Тигүү буюмадрын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы (Модельер-конструктор) ж.б.

Алдыңкы тажырыйба борбору (АТБ)  – бул орто кесиптик  адистерди даярдаган, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, заманбап, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, кадр даярдоодо өзгөчө потенциалга, жогорку жетишкендиктерге ээ болгон окуу жай.

АТБ орто кесиптик билим берүү системасында жаңы окуу программаларын жана мамлекеттик стандарттарды апробациялоо, жумуш ордунда окутуу методикаларын жана ишкердик боюнча модулду киргизүү үчүн аянтча болуп саналат.

АТБ окуу процессине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, аны практикалык тажрыйба менен байытып, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жакшыртып, алардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана иш берүүчүлөр менен байланышты чыңдоого өбөлгө түздү.

“Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн окуу жайыбызда эң мыкты шарттар түзүлгөн (көтөргүчтөр, Брайл шрифтери, пандустар ж.б.). Ушул тапта, окуу жайда IT технологиялар жана программалоо адистиги боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер билим алышууда.

Жалпысынан окуу жайда долбоордун колдоосу менен 44 399 971 сомго ремонт иштери жүргүзүлүп, 20 437 111 сомго эмерек жана компьютердик жабдуу, 7 340 479 сомго окуу жана өндүрүштүк жабдуу алынган.

Мындан тышкары, студенттердин окуу учурунда иштеп, каражат табуусу үчүн окуу-өндүрүштүк комплекси түзүлгөн. Облуста мындай метод жалгыз биздин колледжде ишке кирген”, - дейт Б.Турдубаева.

Ал эми ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов, өз сөзүндө Астанада өлкө башчылары жолугушкан мезгилде Президент С.Жапаров “Жалал-Абад шаарын туризмдин борбору кылабыз” - деген сөзүн айтканын баса белгилеп, ошондуктан туризм-сервис деген жаңы адистикти ачыш керектигин айтты. Колледждин ар тараптан өнүгүшүнө материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүп келе жаткан эл аралык донор уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

- ЖАМУнун жалпы коллективинин атынан бардык донорлорго терең ыраазычылык билдиребиз. Донорлордун ичинен Азия өнүктүрүү банкынын программаларынын акыркы 10-15 жыл аралыгында көрсөткөн колдоолорун өзгөчө айтып кетүүгө болот. Биз өзүбүз тараптан колдоо көрсөтүп, эң негизгиси мугалимдерге мотивация кылып, айлыктарын көтөрүп, жакшы шарт түздүк деп ойлойбуз. Биздин мугалимдердин айлык маяналары  Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын эң алдыңкыларынын катарына кирди. Мурда ОшМУнун мугалимдеринин айлыктарын жогорку деп айтчубуз. Азыр биздин мугалимдердин маянасы алардан да өттү. Бул биздин мугалимдер кошумча жумуш издеп башка жакка чуркабастан, бир жерде  өзүнүн негизги иши менен иштеп, балдарга терең билим берип, сапаттуу адис чыгаруу максатында жасалган аракеттер, - дейт К.Усенов.

Учурда ЖАМУнун окутуучуларынын айлык маянасы Кргызстанда биринчи орунга чыгып, илимдин докторлору - 100 миң сом, кандидаттары – 80 миң сом, ал эми окутуучуларына студенттерге берген билимине жараша акча төлөнүп жатат.

Мындан сырткары Эрнис Бөрүбаев аталган окуу жайдан билим алганын облустагы эң алдыңкы окуу жай экендигин баса белгилеп, өкүлчүлүк тарабынан болгон бардык иш-чараларга чогуу катышып келе жатышканын айтты. Донор уюум АБР тарабынан 1,5 млн долларлык каражатты окуу жай утуп алып, материалдык-техникалык базасын чыңдап алганын баса белгиледи. Окуу жайдын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирди.

Шаардык мэриянын атынан Куттубек Алиев окуу жайга ыраазычылык айтып, жергиликтүү бийлик катары колледж менен бардык маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышып, чогуу иштеп келе жатканын баса белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкынын жогоруда аталган долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов өз сөзүндө банк инвестиция жасоо боюнча Кыргызстанда биринчи орунга чыгып жатканын баса белгилеп кетти.

- "Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору КР Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат. Бул мамлекеттик инвестиция долбоору. Ушул жердеги аткарылып жаткан иштердин баардыгы мамлекеттин көзөмөлүндө. Каржылоо жагы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзулүп жатат. Долбоор 2018-жылы башталып, экиге бөлүнгөн. Экиге бөлүнгөнүнүн себеби Азия өнүктүрүү банкы КР кесиптик билим берүү системасына талаптарды койгон. Ошол талаптарды долбоордун алкагында Билим берүү  министрлиги менен аткарыла тургандыгы тастыкталгандан кийин, 12 млн. АКШ доллары мамлекеттик каражатка түз келди. Бул дагы мамлекеттик каражатка жардам болду. Жалал-Абад облусунун ичинен 7 окуу жай долбоорго камтылган. Долбоордун ичинде жалпы 34 окуу жай болсо, анын ичинен 7 окуу жай ушул Жалал-Абад облусунан. Булар: Май-Суу шаарындагы Майлуу-Суу колледжи, Кара-Көл шаарындагы №76-кесиптик лицей, Базар-Коргондогу №63-кесиптик лицей, Кербендеги №69-кесиптик лицей жана Токтогул шаарында жайгашкан №64-кесиптик лицей. Анан биз отурган Жалал-Абад кесиптик колледжи.

Жалпысынан материалдык базасын чыңдоо аркылуу 290 млн. сомдон ашык акча каражаты пайдаланылды. Анын 90 млн. сомго жакыны ушул Жалал-Абад колледжине жумшалды. Себеби, ушул жетинин арасынан Жалал-Абад колледжи алдыңкы тажрыйба борбору. Алдыңкы тажрыйба борбору деген эмне КР Билим берүү жана кесиптик билим берүү саясатын жер-жерлерде облуста алдыга жылдырууга жардам бере турган орган. Ошол себептен, Жалал-Абад колледжине өзгөчө көңүл бурулду. Колдон келишинче имараты оңдолду. Бөлүнгөн 90 млн сомдун ичинен 44 млн. сомго имараты оңдолду. Компьютердик техникалар берилди. Санарип технологияларсыз азыр алдыга жылуу жок. Андан тышкары эмеректер, окутуу шаймадары алынды.

Окутуу шаймандары абдан татаал нерсе экен, ошого карбай баары алынып бүттү. Анын иичинде өндүрүш шаймандары бар. Колледждин алдында окутуу-өндүрүштүк базасы уюштурулган. Бул кадимки эле ишкана. Ишкананын ичинде шаймандар коюлган. Ал ишкананын максаты – ал жерге студенттер барып, практикадана өтүш керек. Бирок, ошону менен ал ишшкана иштеп, кошумча акча каражатын таап бериш керек. Ушул жаңы ыкманы киргизип жатабыз. Бул жерден биз чоң ыраазычылыкты университеттин жетекчилигине айтып кетет элек. Анткени ЖАМУнун ректораты төрт жыл мурун бөлүнгөн акчага силер шайман алгыла, биз имаратты өзүбүз салабыз деп атйышты. Ушул жагынан университет утуш алды.

Базар-Коргон районундагы ветеринария адистигинин окуу өндүрүштүк комплексинин жана Жалал-Абад шаарындагы автомобил унааларын техникалык оңдоо адистигинин окуу өндүрүштүк комплексииин имараттарын окуу жай өзү салып берди. Ошого да чоң ырахмат.

Эми алдыңкы тажрыйба борборунун маанилүүлүгүн айтып кетейин, алдыңкы ыкмаларды төрт жылдан бери окутууга аракет кылып жатабыз. Алдыңкы тажрыйба борбору үйрөнгөн ыкмаларды өздөрү эле пайдалана бербей, Жалал-Абад облусундагы башка кесиптик лицей менен колледждерге таркатып жатышат. Бүгүнкү күнү ошого жетиштик. Көп жылдар боюу билим берүү жаатында чет мамлекеттен келген, Бишкек шаарында жайгашкан эксперттерге таянып алыптыр. Биздин долбоор аркылуу биз ошондон баш тарттык дагы төрт жылдан бери жергиликтүү консултанттарды даярдоого убактыбызды жана ресурстарыбызды бөлдүк. Ушул окуу жайдагы 70тен ашык мугалим консултация бергенге, окуу жайлардын окутуучуларын окутканга даяр жана ал иштер башталды. Себеп дегенеа көп жылдан бери бул нерсеге мамлекет тарабынан тилекке каршы жетишээрлик көңүл бурулбай келген. Бардыгы келип эле каржыга такалып калчу.

Анан биз колледждин окутуучуларын Бишкектеги алдыңкы окуу борборлоруна алып барып, билимдерин жогорулатып келишти. Бардык окуп келген окутуучулардын арасынан өзгөчө жөндөмдүүлөрүн тандап алдык да ошолордун жардамы менен башка кесиптик-лицейлердин мугалимдерин окутуп жатабыз. Мындайча айтканда, Базар-Коргон, Кербен, Сузактагы кесиптик лицейдин окутуучуларынын Бишкекке барыштын кажети жокболуп калды. Ушул Жалал-Абад алдыңкы тажрыйба борборуна келип окуп кетишсе болот. Иш берүүчүлөр жана башка кызыктар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү кеңейтип жатабыз. Студенттер окуп эле калып калбастан, аларды ишке жайгаштыруу жана ЖОЖдон билимдерин өркүндөтүү 90 пайызга чыгып калды, - дейт Н.Атаканов.

Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди иш менен камсыз кылган IT-компаниясынын өкүлү Элистан Дарбанов сөз сүйлөп, аткарып жаткан иштерине кыскача токтолуп кетти. Ошондой эле, ата-энелер да аталган колледждин жетекчилигине өздөрүнүн балдарынын мүмкүнчүлүгү чектелгенине карбай билим алып жатышканына терең  ыраазычылыктарын билдиришти.

Пресс-тур учурунда облустагы жалгыз аталган колледжде түзүлгөн алдыңкы тажрыйба борбору (АТБ) жана заманбап окуу-өндүрүштүк комплекси менен таанышып чыгууга шарт түзүлдү. Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин окуусуна шарттар түзүлүп (көтөргүчтөр (подъемник), Брайль шрифти, пандустар орнотулган, окутуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге сабак берүү боюнча окутуулардан өткөн), анын натыйжасында ушул тапта IT багыты боюнча студенттер билим алууда.

Алдыңкы тажрыйба борбору – бул:

Студенттер үчүн заманбап, коопсуз, инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзө алган, коомдун жана өлкөнүн социалык-экономикалык керектүүлүктөрүнө, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, орто кесиптүү адистерди даярдаган колледж.

Алдынкы тажрыйба борборунун иштөө багыттары:

  • Жогорку деңгээлдеги материалдык-техникалык базанын болушу
  • Компетенттүүлүкө негизделген билим берүү
  • Социалдык өнөктөштүктү жогорку деңгээлге чыгаруу 
  • Ишкердүүлүккө окутуу, түрдүү стартапттарды жаратуу
  • Жумушчу орунда окутуу
  • Коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү
  • Окуу-өндүрүштүк  комплекстерди ишке киргизүү
  • Окутуучулардын билимин өркүндөтүү борбору
  • Кыска мөөнөттүү окуу курстарын көбөйтүү
  • Инклюзивдик окутуу

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫндагы АВТОМОБИЛ УНААЛАРЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО АДИСТИГИНИН ОКУУ ӨНДҮРҮШТҮК КОМПЛЕКСИ

Автомобилдерди техникалык жактан тейлөө жана оңдоо адистиги боюнча жумушчу орунда окутуу.

Ветеринария окуу-өндүрүштүк комплекси Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан.

Даярдаган АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

19.11.2023

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30