KELECHEK
rek

МАТКАЛЫКОВ АСИЛБЕК: 125 жылдык тарыхы бар Кызыл-Кыя шаары өнүгүү жолунда

МАТКАЛЫКОВ АСИЛБЕК: 125 жылдык тарыхы бар Кызыл-Кыя шаары өнүгүү жолунда

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаары күтүрөгөн күздө өзүнүн 125 жылдык маарекесин салтанаттуу түрдө белгиледи. Кызыл-Кыяга шаар статусу 1938-жылы берилген. Анын аянты – 0,02 миң чарчы км. Шаар кɵп улуттуу болуп союз учурунда 50дɵн ашуун улуттун ɵкүлдɵрү жашашкан.

Учурда Кызыл-Кыя шаарынын калкы бүгүнкү күнгө - 61 миң 144 жаран. Анын ичинен кыргыздар – 44 миң 327, орустар – 1003, өзбектер – 10 миң 850, татарлар – 476, тажиктер – 3094, түрктөр  - 548ди түзөт. Андан башка: казак, украин, немец, армян, азербайжан, чечен, грузин, молдован, латыш, эстон, еврей, уйгур, дунган, корей жана башка улуттун өкүлдөрү жашашат.

Шаарда: 13 мектеп, 14 бала бакча, беш жеке мектеп, төрт жеке бала бакча бар. Бир аймактык оорукана, стаматология, төрөт жана балдар бөлүмү шаардын калкын тейлейт.

Маткалыков Асилбек Жоробаевич 2021-жылдын 7-июнунан тартып Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп эмгектенип келʏʏдɵ. Шаардын 125 жылдык маарекесине карата аткарылган иштер жана үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча биздин бир нече суроолорубузга шаардын мэри А.Маткалыковдон жоопторду алдык.

-  Асилбек  Жоробаевич, Кызыл-Кыя шаарынын кыскача тарыхына токтолуп өтсөңүз?

- Кызыл-Кыя шаары ѳзүнүн тарыхын 1898-жылдан бери баштайт. Орус инженери Михайлов тарабынан  изилдѳѳлѳрдүн негизинде биринчи кѳмүр кени ачылып шаар түптѳлѳ баштаган. 1913-жылы шаардын аймагында жайгашкан кѳмүр кендеринде 700гө жакын жумушчулар эмгектенип келген жана 2913 пуд. кѳмүр ѳндүрүлгѳн.

Ал эми 1909-жылы Кызыл-Кыя жана Скобелев (Фергана) шаарларын байланыштырган темир жолу пайдаланууга берилген.

Кыргызстанда социал-демократтардын алгачкы ячейкалары Кызыл-Кыя шаарында уюшулган. Бул кыймылды жандандыруу үчүн шаарга 1905-1907-жылдардагы биринчи орус революциясынын катышуучулары И.И.Едренкин, Л.Г.Солнышко жана башкалар келген.

Ошондой эле, Кыргызстанда алгачкы эл депутаттарынын Совети Кызыл-Кыя шаарында 1917-жылдын март айында түзүлгѳн. Ушул эле жылдын ноябрь айында шаардагы бийлик толук бойдон Советтин колуна ѳткѳн. Кийинчерээк, революцияны коргоо максатында И.Едренкин жана Л.Солнышко баш болгон курамында 130 кызыл аскери бар куралчан отряд түзүлгѳн.

Кызыл-Кыя шаарынын шахтерлору, бардык жумушчулары ѳндүрүштүн татаал шарттарына карабастан Совет бийлигинин орнотулушунун алгачкы күндѳрүнѳн баштап кѳмүрдү коюлган тапшырмалардан ашыгы менен ѳндүрүп, жогорку кѳрсѳткүчтѳрдү жаратып келген.

Фергана ѳрѳѳнү, Казахстандын түшкү аймактары Кызыл-Кыянын  кѳмүрү менен толук камсыз болуп турган.

1938-жылы «Жин-Жиген» шахтасы ачылып, Кызыл-Кыяга шаардын статусу ыйгарылган.

- Жакында Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Маарекеге карата кандай объекттер  курулду?

- Кызыл-Кыя шаарынын 125  жылдык маарекесине карата №1 “Айданек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча 50 орундуу бала бакчасынын имаратынын курулушу бүткөрүлдү.

Аталган бала бакчанын жетекчиси Ахматова Каракыз Эрмаматовна. Шаардын Кара-Козу участогундагы муниципалдык бала бакчанын кошумча имараты үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталып, толугу  менен курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Иштеп жаткан эски бала бакча 120 орундуу болсо, жаңы курулган бала бакча 50 орундуу болуп курулду.  

Долбоордун жалпы наркы  19 млн сом. Аанын ичинен 15 млн. сому – “САSA 1000” долбоору аркылуу, ал эми беш млн сому жергиликтүү бюджеттин салымынан болду. 

Шаардын биринчи кичи районунун жошоочулары үчүн “Кыргызстандын-60 жылдыгы” атындагы көчөсүнɵ сквер куруу жумуштары аяктап, пайдалууга берилди. Жумуштар мамлекеттик сатып аллулар порталы боюнча жүргүзүлүп, 1,3 млн сомго аткарылды.

Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов кɵчɵсүнө  веложол курулушу бүткөрүлдү. Кулатов көчөсүндөгү борбордук мечиттин алдынан баштап Караван айылына чейин 2,4 км аралыктагы веложол куруу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 10 млн сом акча каражаты бɵлүнүп, курулуш иштери аткарылды.      

    

«Восток-2» кичи районуна жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жана аллеянын курулушу бүткөрүлдү. Бир чакырымдан ашык курулуш иштери үчүн  жергиликтүү бюджет эсебинен 4,7 млн сом акча каражаты бɵлүндү.

Шаардагы Т.Кулатов атындагы борбордук стадионун реконструкциялоо, эс алуучу парк зонасынын курулуш иштери бүткөрүлдү. Аталган борбордук стадион 1958-жылы түзүлгөн. Сыйымдуулугу 5 миң адам, жалпы аянты 4,96 га. Долбоордун жалпы наркы 10 млн сом. Ашар жолу менен 3 млн сомго аткарылды. Долбоор боюнча стадиондун дарбазасы реконструкция болуп, фонтан курулду. 

Баткен ɵнүктүрүү фонду аркылуу 2 млн сом жана жергиликтүү бюджет эсебинен 2 млн сом акча каражаты жумшалып, стадиондун аймагында эс алуучу парк зонасынын курулушу бүткөрүлдү.

- Сиз жетектеген Кызы-Кыя шаарынын социалдык - экономикалык өнүгүүсү боюнча да кыскача токтолуп өтсөңүз?

- Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн анализи көрсөткөндөй 2023-жыл ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштер аткарылды.

2022-жылдын 9 айында ѳндүрүлгѳн өнөр-жай продукцияларынын  көлөмү 476,5 млн. сом болсо, ал эми 2023-жылдын 9 ай ичинде  568,5 млн. сомду түзүп, өсүү ыргагы 119,3 пайызды түздү.

Кичи жана орто бизнестин субъекттери да өткөн жылдардай эле тездик темп менен өнүгүүдө. 2023-жылдын 9 айында алардын эсебинен 189,7 млн. сомдук өнөр-жай продукциясы өндүрүлүп, 2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу  өсүү көлөмү 32,1 млн. сомго кɵп, же болбосо 120,4 пайызды түзгөн.

Ал эми быйылкы жылдын 9 айында капиталдык салымдардын көлөмү 194,1 млн. сомду түздү. Анын ичинен жеке ишкерлер 19,7 млн. сом, мекеме-  ишканалардын каражаттары 37,2 млн. сом болду. Үстүбүздөгү жылы 6878 кв. метр турак жай пайдаланууга берилди, же болбосо капиталдык салымы 137,2 млн сомду түздү. 

- Шаарда салык топтоонун абалы кандай болуп жатат?

- Үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата план 358,9 млн сом берилген болсо, факт боюнча 365,3 млн сом жыйналып, 101,8 пайызга аткарылды. Өткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 150,6 млн сом ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы 170,2 пайызды түздү.  

Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча 2023-жылдын 9 айына карата план 213,2 млн сом берилип, факт 213,2 млн сом жыйналып, 100 пайызга аткарылган.

ϴткɵн жылдын салыштырмалуу өсүү ыргагы 264,3 пайызды түздү, же болбосо бюджетке 132,5 млн сом ашыкча салык жыйналды.

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча, 2023-жылдын 9 айына карата план 145,7 млн сом берилген болсо,  факт боюнча жергилкитүү бюджет казынасына 152,1 млн сом салык жыйналып, 104,4  пайызга аткарылды. План 6,4 млн сомго ашыкча жыйналып, ϴткɵн жылга салыштырмалуу  ɵсүү ыргагы 113,5 пайызды түздү.

Социалдык төлөмдөр боюнча 2023-жылдын 9 айын план 297,7 млн сом берилген болсо факт боюнча 299,9 млн сом жыйналып, 100,7% аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 122,4 %түздү.  

- Шаарга инвестиция тартуу иштери кандай жүргүзүлүп жатат?

- Шаардагы экономика жана социалдык чɵйрɵгɵ түз чет элдик инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча бир топ иштер аткарылды. 2022-жылдын 9 ай ичинде шаарыбызга 451,3 млн. сомдук инвестициялар тартылган болсо, 2023-жылдын 9 айында 545,0 млн. сомдук инвестициялар тартылды.

Инвестиция тартуу багытында шаар аймагында мурдагы эскили жеткен, авариялык абалдагы психоневрология бɵлүмүнүн ордуна Араб инвесторлорунун “Ас-Сафа” КФнун каржылоосу менен капиталдык салымы 80,0 млн сомду түзүп, жергиликтүү бюджет эсебинен 4 млн сом салым кошуу менен 3 кабаттуу заманбап типтеги “Психонаркология” бɵлүмүнүн имараты курулууда. 

“CASA-1000” долбоору аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү тармагын ɵнүктүрүү, балдардын мектепке чейинки билим алуусун камсыздоо максатында Кара-Козу участогунда 50 орундуу балдар бакчасынын курулушу жүрүүдɵ. Капиталдык салымы 15,7 млн сом, жергилкитүү бюджет эсебинен салым 5 млн сом каржыланды.

Шаардын аймагында “Золотой Квадрат” курулуш компаниясы тарабынан эки кɵп кабаттуу турак үй жана соода комплекси курулууда.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаардын социалдык инфратүзүмүн жакшыртуу жана ɵнүктүрүү максатында шаар аймагында кɵп кабаттуу турак үйлɵрүн куруу үчүн курулуш компаниясы менен сүйлɵшүлүп, алар тарабынан турак үйлɵрүнүн долбоорлору тапшырылып, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан жер аянтын бɵлүп берүү  маселеси каралууда.

- Түрткү берүүчү гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин салым кошуусу аркылуу кандай жумуштар аткарылды?             

 - Түрткү берүүчү гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин салым кошуу аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан алты долбоор сунушталып, жактырылып, тɵмɵнкү долбоорлор аткарууга алынды:  

- Шаардын М.Горький көчөсүнүн асфальтын капиталдык оңдоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен  - 2,4 млн. сом,  жергиликтүү бюджет эсебинен – 1,6 млн. сом акча;   

- Шаардын Школьная көчөсүнүн асфальтын капиталдык оңдоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен – 3 млн. сом, жергиликтүү бюджетин эсебинен – 1,3 млн. сом;

- Шаардын Токтогул атындагы көчөсүнүн асфальтын капиталдык оңдоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен – 2,3 млн. сом, жергиликтүү бюджетин эсебинен – 1,4 млн. сом;

- Шаардагы Караван айылынын А.Ысманов көчөсүдөн МТФ участкасына суу түтүктөрүн кайрадан жаңылоо – ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен – 2,0 млн сом, ал эми жергилктʏʏ бюджет эсебинен – 1,2 млн сом; 

- Шаардын Караван айылынын Беш-Капа участкасыдан Ак-Булак айылынын Күнгөй жаңы конушуна суу түтүктөрүн куруу– ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен – 3 млн сом, ал эми жергилктʏʏ бюджет эсебинен – 1,2 млн сом;

- Шаардын Жусубалиев көчөсүндөгү ден-соолукту чыңдоо жана спорт комплексинин жанына жеңил типтеги тамактануучу ашкана куруу– ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен – 3 млн сом, ал эми жергиликтʏʏ бюджет эсебинен – 1,1 млн сом каралган. 

- Асилбек Жоробаевич, шаарда жаңы ишканаларды ачуу иштери кандай жүрүп жатат?

- 2023-жыл ичинде шаардык мэриянын колдоосу менен жеке ишкерлер аркылуу жети жаңы ишканаларды ачуу пландаштырылды. Анын ичинде, үч ишкана кызмат кѳрсѳтүү тармагында, төрт ишкана ѳндүрүш тармагында.

Быйылкы жылдын тогуз ай ичинде жети ишкана ачылып, пайдаланууга берилди.

Атап айтканда:

  • “Ордо” байпак тигүү цехи ачылып, пайдаланууга берилди. капиталдык салымы, 10 млн сомду түздү, 10 жаңы жумуш орундары түзүлдү;

  • “Уромед” медициналык борбору курулуп пайдаланууга берилди. Капиталдык салымы 63,4 млн сомду түздү, 30 жаңы жумуш орундары түзүлдү;

  • Молодежная кɵчɵсүнɵ төрт кабаттуу соода борбору курулуп, 1-кабатында “Оптима Банк” филиалы жайгаштырылып, элге сапаттуу кызмат кɵрсɵтүүгɵ шарт түзүлдү. Ал эми калган бɵлүктɵрүндɵ ишкерлер тарабынан соода түйүндɵрү ачылып, кызмат кɵрсɵтүүдɵ;
  • Молодежная кɵчɵсүнɵ төрт кабаттуу соода борбору курулуп, 1-кабатына “Керемет Банк” филиалы жайгашып, элге сапаттуу кызмат кɵрсɵтүүгɵ шарт түзүлдү. Ал эми калган бɵлүктɵрүндɵ ишкерлер тарабынан соода түйүндɵрү ачылып, кызмат кɵрсɵтүүдɵ;
  • Кыргызстандын 60 жылдыгы кɵчɵсүнɵ эки кабаттуу имарат курулуп, “KIСB” Банкынын филиалы жайгашып, элге сапаттуу кызмат кɵрсɵтүүгɵ шарт түзүлдү;
  • Кызл-Кыя шаарынын Ленин кɵчɵсүнɵ үч кабаттуу “AURUM” мейманканасы курулуп пайдаланууга берилди. Капиталдык салымы 20  млн сомду түздү, 10 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
  • “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы  ачылды.  Анда 25 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан ϴзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 10 бирдик жаңы коомдук автобустар сатып алынды.  

- “Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасы” жол картасынын аткарылышы кандай болуп жатат?

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы №159 КПΥ “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары ɵнʏктʏрʏʏ программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтомуна ылайык, 2022-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан долбоорлор сунушталып, ʏч долбоор бекитилген.

Атап айтканда:

  • Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай участогунда “Дʏң соода комплексин” куруу;
  • “Декоративдүү гүлдөрдү жана бактарды өстүрүү үчүн күнөскана куруу”;
  • “Кагаз баштыктарын жана каптарды чыгаруу” цехин куруу долбоору.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Баткен облусун 2021-2035-жылдары ɵнʏктʏрʏʏ программасын” алкагында бɵлүнгɵн 500 млн сом ичинен, Кызыл-Кыя шаарына 50 млн сом акча каражаты бɵлүнүп, жумуштар аткарылууда.

          

- Мындан сырткары шаарда кандай ийгиликтүү иштер аткарылып жатат?

- Кыргыз Республикасы менен ϴзбек Республикасынын ортосунда кызматташуу иш-чаралар планын ишке ашыруу Жол картасынын алкагында шаар аймагындагы калктуу конуштарга коомдук транспорт каттамдарын жʏргʏзʏʏ менен шаарбызыдын социалдык кɵйгɵйлʏʏ маселелерин чечʏʏ максатында, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунан 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникаларын финансылык лизинг аркылуу сатып алынды.   

CASA-1000 долбоору аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылы толугу менен электр мамычаларын орнотуу боюнча жана электр аба чубалгыларын жаңылоо боюнча жумуштар толугу менен аткарылды. Жалпы суммасы 3,2 млн сомду түздү.  

  • Советская жана Комсомольская кɵчɵлɵрүндɵгү орнотулган саркынды куурларына кошумча 400 м аралыкка диаметри 200 мм саркынды куурлары орнотулду. Жалпы суммасы 2899,8 миң сомду түздү.
  • Кулуштан участкасындагы 1,8 км аралыктагы диаметри 315 мм болгон суу куурлары алмаштырылып, полиэтилен диаметри 315 мм суу куурлары коюлду. Жалпы суммасы 6929,2 миң сомду түздү.   
  • Долбоор аркылуу Северный кɵчɵсүндɵгү диаметри 63 мм болгон 1500 метр суу куурлары жаңыдан орнотулду. Жалпы суммасы 1164,7 миң сомду түздү.
  • “Восток 2-1” конушун таза суу куурларын куруу үчүн – 2,2 млн сом акча каражаты жумшалды.    

Ошондой эле, айыл чарбасында 236 га жер аянтынан буудай орулуп, 6981,5 центнер дан, 115 га жер аянтынан арпа орулуп, 3220 центнер арпа даны жыйналды. Ал эми 11 га жер аянтынан 253 центнер буурчак, 249,1 га жер аянтынан 34418,0 центнер картошка казылып алынды. Мындан сырткары, 234 га жер аянтынан 50825,3 центнер жашылча, 16,72 га жер аянтынан 3521,3 центнер коон-дарбыз, 5890 центнер мɵмɵ-жемиштер жыйналып алынды.      

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы дыйкандарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген 6 пайыздык жеңилдетилген шарттагы насыялар “Айыл Банк” жана “РСК” банктарынын шаардагы филиалдары аркылуу 62 дыйкан, фермерге – 28,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Даярдаган: АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Cүрөттөр: Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппаратынан алынды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38