KELECHEK
rek

Ташиев менен Ятимов чек ара боюнча "принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын" билдирди

Ташиев менен Ятимов чек ара боюнча

Тажикстандын Бустон шаары. 1-декабрь 2023-жыл

1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. Андан соң алардын биргелешкен кайрылуусун тажикстандык маалымат каражаттары жарыялашты.

Анда Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышканын айткан.

"Биз жаңы кабыл алган чечимдер бизди мамлекеттердин чек ара боюнча негизги маселелеринин чечилишине жакындатат деп ойлойм. Кийинки жолугушуу Баткенде өтөт. Ал жакта да чечимдер кабыл алынат, жумушчу топторубуз тынымсыз иштешет. Ошондуктан мен жалпы чечимге жакындадык деп ойлойм", - деди Ташиев.

Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин айткан. Экинчи маселе эки мамлекеттин бири-биринин аймагындагы объектилер боюнча экенин кошумчалаган.

"Кыргызстанга Тажикстандын аймагында жайгашкан объектилерин пайдаланууга уруксат берилет, бирок жер Тажикстандыкы бойдон калат. Ушундай эле принцип Тажикстан үчүн анын Кыргызстандын аймагындагы объектилерине да тиешелүү болот", - деди Ятимов.

Ятимов да тараптар чек араны аныктоо боюнча негизги маселени чечүүгө жакындашканын ырастап, калган талаштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланарын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү бул сүйлөшүүнүн жүрүшү тууралуу учкай гана маалымат берди. Министрлер кабинетинин Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев сүйлөшүүлөр Тажикстандын Бустон шаарында уланып жатканын "Азаттыкка" билдирип, жыйынтыгы тууралуу маалымат берилерин кабарлады.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор акыркы жолу 11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында жолуккан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин анын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12