KELECHEK
rek

Ташкентте кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев кармалды

Ташкентте кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев кармалды

Салим Абдувалиев

Өзбекстандын укук коргоо органдары "Салимбай" жана "Салимбай байбача" деген каймана ысым менен таанымал 73 жаштагы ишкер Салим Абдувалиевге карата тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып кабарлашты.

Uznews.uz басылмасынын маалыматына караганда, Салим Абдувалиев 1-декабрь күнү кечинде Ташкенттеги резиденциясында кармалган. Учурда укук коргоо органдары ага карата тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Абдувалиев 2017-жылдын январынан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин төрага орун басары болгон. Ал 1997-жылдан бери өлкөнүн Спорттук күрөш ассоциациясынын президенти кызматын аркалап келген.

Бир нече күн мурда Ташкентте өткөн профилактикалык жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында "Саидазиз медгородок" атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиев кармалганы кабарланган. Ал бир нече киши менен бирге опузалап акча талап кылуу шеги менен камакка алынган. ЖМКлардын маалыматына караганда, алар адамдардын карыздарын "өндүрүп берүү" менен алектенишкен.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы "Бахти Ташкентский" ысымы менен белгилүү Бахтиёр Кудратуллаев да "ири өлчөмдө акча опузалоо" шеги менен кармалганын ырастады. Күнөөлүү деп табылса ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада криминалдык абалды жөнгө салуу үчүн масштабдуу алдын ала профилактикалык чаралар көрүлүп жатканын кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...