KELECHEK
rek

Криштиану Роналду Душанбеге барбай калды

Криштиану Роналду Душанбеге барбай калды

Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойногон португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду Душанбеге барбайт. Бул тууралуу varzishtv.tj сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Ирандын "Персеполис" командасына каршы оюнда жаракат алган Роналду толук калыбына келе элек.

"Буга байланыштуу команданын жетекчилиги ага эс алууга убакыт берүү чечимин кабыл алган. Тилекке каршы, Роналдунун оюнун өз көзү менен көргүсү келген көптөгөн футбол күйөрмандарынын каалоосу орундалбай калды", – деп жазды varzishtv.tj.

АФК Чемпиондор лигасынын "Е" тайпасындагы Душанбенин "Истиклол" жана Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" командаларынын ортосундагы беттеш 5-декабрда Душанбедеги Борбордук стадиондо өтөт. Тажикстандын мамлекеттик "Ховар" агенттиги жазгандай, бул оюндун алдында бүгүн эки команданын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Анда журналисттердин суроолоруна тажик тараптан "Истиклолдун" башкы машыктыруучусу Игорь Черевченко менен жарым коргоочу Эхсони Панжшанбе, саудия тараптан "Аль-Насрдын" башкы насаатчысы Луиш Каштру жана оюнчулардын бири жооп беришет.

Учурда "Е" тайпасында 13 упайы менен "Аль-Наср" биринчи орунда келе жатат. Ал Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты.

Экинчи орунга сегиз упайы менен Ирандын "Персеполис", үчүнчүгө төрт упай менен Катардын "Аль-Духайл" командасы жайгашса, Душанбенин "Истиклол" клубу эки упайы менен акыркы сапта.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20