KELECHEK
rek

Ташиев базардын ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин айтты

Ташиев базардын ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы базарларда болгон нааразылык акциялары тууралуу пикирин айтып, элди чагымчыларга алданбоого чакырды.

Бул тууралуу ал 6-декабрда атайын кызматтын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып билдиргенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

“Өлкөдөгү базарлардын ээлери соода комплекстеринен эбегейсиз киреше алып жаткан бай адамдар. Бирок соодагерлер чоң суммада акча төлөп жатканы менен көпчүлүк базарларда жөнөкөй эле шарттар жок. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек. Мындан тышкары, Көзөмөл-кассалык машинелерди сатып алууда кыйналган чакан ишкерлерге ККМ бекер берилиши керек”, - деп айтылат маалыматта.

Камчыбек Ташиев өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы базарлардын соодагерлери ККМге каршы чыгып жаткан митингдерди айрым чагымчылдар саясатка айландыргысы келип жатканын кошумчалады.

Акыркы эки жумада Кыргызстанда он миңдеген адам иштеген ири базарлардын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияларга чыгып, айрымдары иш ташташкан.

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

5-декабрда Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап келет.

  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.
  • ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.
Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38