KELECHEK
rek

Садыр Жапаров быйыл да басма сөз жыйынын өткөрбөйт

Садыр Жапаров быйыл да басма сөз жыйынын өткөрбөйт

Президент Садыр Жапаров быйыл да жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрбөйт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын мамлекет башчынын иш графигине байланыштуу өтпөй турганын айтты.

“Коомчулуктагы маселелер алдыда өтө турган курултайда көтөрүлөт. Ага жалпыга маалымдоо каражаттары да чакырылат да. Жылдын аягында Министрлер кабинетинин жалпы жыйыны болот”, - деди Алагөзов.

Садыр Жапаров 2022-жылы да жергиликтүү жана чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн эмес. Адатта Кыргызстанда президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп суроолорго жооп берет.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13