KELECHEK
rek

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришти

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришти

12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.

Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришти.

"Бүгүн чоң иш болду. Биз 120 чакырымдан ашуун илгериледик. Бул маселелер принципиалдуу түрдө макулдашылды. Эгер Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын жалпы узундугун ала турган болсок, мамлекеттик чек аранын 90% ашыгы такталды, биз ал маселелерди чечүүгө жакындап калдык", - деди Ятимов.

Ташиев кызматташынын сөздөрүн ырастап, чек аранын жалпы узундугу боюнча такталбаган аз бөлүгү калганын кошумчалады. Ал жакын арада бул маселе чечилерине үмүт артарын билдирди.

"Негизинен чек аранын 90% ашыгы макулдашылды. Макулдашылган ал тилкелер жакын арада баяндалып жазылат. Бизде бир нече тилке калат, кудай буюрса аны да аяктайбыз. Ал кайсы тилкелер? Бул Кайрагачтан баштап, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейин... Биз, жумушчу топ макулдашууну толук аяктадык. Мындан тышкары биз Карабак, Лаккон боюнча, үч мамлекет кесилишкен чекке чейин макулдаштык. Муну менен биз азыр талаштуу бардык маселелерди дээрлик чечтик. Чек ара маселесине акыркы чекитти коюу үчүн бир нече жолугушуу калды", - деди Ташиев.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41