KELECHEK
rek

Кара-Сууда 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Кара-Сууда 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.

Ага ылайык, шектүү Тик Ток аркылуу тараткан видеодо улуттар аралык кастыкты козутуучу мазмун бар деген бүтүмдү атайын дайындалган экспертиза чыгарган.

Экспертизанын жыйынтыгынан соң Бул боюнча Кылмыш кодексинин 330-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран милициянын тергөө абагына камалды.

Тик Ток - Кыргызстанда дагы кеңири колдонулган социалдык тармактардын бири. Анда билим берүү, маданият, спорт, бизнес сыяктуу бардык тармакка тиешелүү контент же жөн эле көңүл ачуучу видеолорду дагы көрүүгө болот. Августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Министрлик буга Тик Токто балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы себеп деп билдирген.

Кийинчерээк соцтармактын өкүлдөрү менен аталган министрликтин сүйлөшүүлөрүнөн кийин, социалдык тармакты бөгөттөө токтотулганы расмий кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...