KELECHEK
rek

МУГАЛИМДИК КЕСИПТЕН ЖУРНАЛИСТИКАГА КЕТКЕН ЖОЛ

МУГАЛИМДИК КЕСИПТЕН ЖУРНАЛИСТИКАГА КЕТКЕН ЖОЛ

Жаңырган жылан жылында аялдар кыймылынын 100 жылдык маарекеси белгиленүүсү күтүлүүдө. Бул иш-чарага байланыштуу “Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата - аялдардын 100 окуясы” аталышындагы медиакампания өткөрүлдү. Мына ушул медиакампанияда бир кылым аралыгында ар тармакта үзүрлүү иштеп, элге эмгегин арнап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон апаларыбыздын басып өткөн тарыхы боюнча бир топ баяндар жазылды.

Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүк алган 1991-жылдан бери баштан өткөргөн саясий окуялар боюнча бизде соңку тарыхыбыз жаңыланып толук жазыла элек. Ошол себептен, мен өзүм катышкан саясий окуялар, жаңы партиялардын кандайча түптөлүшү боюнча кыскача баяндап берүүнү туура көрдүм. Журналистика тармагында иштеп жүрүп, өлкөдө болуп өткөн көптөгөн саясий өзгөрүүлөргө кантип аралашып кеткениңди да өзүң сезбей калат экенсин.

ӨМҮР БАЯНЫМ:

Мен, Жаңыбаева Анархан Маматкасымовна, 1968-жылы 3-мартта Ош облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөмүн. Алгач мектепке 1975-жылы Сузак районуна караштуу Ф.Э. Дзержинский атындагы сегиз жылдык мектепке баргамын. Аталган мектепти 1983-жылы 8-классты ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүнө тапшырып, аны 1987-жылы кызыл диплом менен бүтүргөмүн.

Алгачкы эмгек жолумду 1987-жылы декабрь айында Сузак районуна караштуу Ф.Э. Дзержинский атындагы орто мектебинде башталгыч класстарынын мугалими болуп иштөөдөн баштагамын. Мектепте иштеп жүрүп, 1989-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик Ж.Баласагын атындагы университетинин тарых факультетине сырттан окууга тапшырып, аны 1995-жылы аяктагамын. 1991-жылдан баштап “Көк-Арт нуру”, “Дил”, “Акыйкат жарчысы” гезиттерине макалаларды жазып жүргөмүн.

Ал эми 1996-жылдын 1-августунан баштап Жалал-Абад облустук мамлекеттик  “Акыйкат жарчысы” гезитинде жооптуу катчынын орун басары болуп ишке кирип, кабарчылык ишке өткөмүн. Облустук гезитте иштеп жүрүп журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактарда бир топ ийгиликтерге жетишкемин. 1998-жылы апрелде Жалал-Абад облустук “Кыргыз тили” коомуна жооптуу катчы болуп которулгамын.

Облустук “Кыргыз тили” коомунда жооптуу катчы болуп иштеп турганда мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү максатында “Тил тагдыры-Эл тагдыры” теле-кароо сынагынын сценарийин жазып чыккамын. “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын 10 жылдык маарекесине карата аталган кароо-сынакты Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо райондору менен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында өткөрүүгө жетишкемин.

Ал эмгегим бааланып, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын жана Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйлангамын.

Ошентип, 2000-жылдан баштап көз карандысыз журналист катары республикалык “Эркин Тоо”, “Кыргыз Руху”, “Жаңы Кылым” гезиттеринде Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы болуп иштегемин.

Журналисттик билимимди өркүндөтүү багытында семинар-тренингдерге катышып жүрүп, 2004-жылы ПРООНдун жана Швециянын SIDA уюмунун колдоосу менен Стокгольм шаарына гендерлик теңчилик боюнча Европалык парламентке шайлоо учурунда барып, алардын шайлоо системасы менен таанышып келүүгө мүмкүнчүлүк алгамын. Аялдардын укугуна байланыштуу темаларда  макалаларды жазып, 2005-жылы КР Президентинин Дипломун алууга татыгамын.

Журналисттик билимимди өркүндөтүү максатында 2004-жылы АКШ элчилигинин колдоосу менен “Жаңылыктарды жазуу”, 2005-жылдан баштап “Сорос-Кыргызстан” фондусунун каржылоосу менен өткөрүлгөн “Аналитика жазуу”, “Журналисттик иликтөө жүргүзүү” боюнча семинар-тренингдерден өткөмүн.

Журналисттер арасында өткөрүлгөн бир нече сынактарда жеңүүчү болуп, баш байгелерди утуп, акчалай сыйлыктарды, баалуу белектерди алгамын.

Жергиликтүү бийликтерден ардак грамоталар, дипломдор берилсе,  2011-жылы Кыргыз Ресубликасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйлангамын.

Мындан сырткары, 2008-жылдан Жалал-Абад шаарында чыккан РИВ “Взгляд” гезитинде кыргыз бөлүмүнүн редактору болуп иштедим. 2010-жылдан баштап “Кабар” маалымат агенттигинде, эл аралык “Zaman Кыргызстан” гезитинде Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы болгомун.

“Кабар” маалымат агенттигинин Жалал-Абадда ачылган маалымат борборун жетектеп, 2011-жылдан баштап маалымат жыйындарды өткөрүп тургамын. 

Маалымат борбордо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укугу бузулган карапайым адамдар өздөрүнүн көйгөйлөрү боюнча көптөгөн маалымат жыйндарды өткөрүшкөн.

“Кабар” маалымат агенттиги облустардагы кабарчыларын жойгондон кийин, 2016-жылдын 21-январынан баштап “Көк-АртИнфо” маалымат борборунда Директор болуп өз алдынча ишти баштадым. Маалымат борбордо өткөн жыйында айтылган маалыматтарды жайгаштыруу зарылдыгы келип чыгып, ошол эле жылы май айында www.kogart.kg Интернет сайты иштей баштады.

http://kogart.kg/

Кимдир бирөө каржылык жактан жардам бербесе да, өткөрүлгөн маалымат жыйындар, журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча жазылган долбоорлор маалымат борбордун иштеп кетүүсүнө жакшы түрткү болду. Сынактарга катышуу үчүн жазылган аналитикалык макалалар окурмандар тарабынан көп окулду жана сайттын окумдуулугун жогорулатты.

ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮНӨ КОШКОН САЛЫМЫМ:

Биринчи: - Кыргызстан Эгемендүүлүк алган 1991-жылдары мен Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик Ж.Баласагын атындагы университетинин тарых факультетинде сырттан окуйт элем. Бизге Тынчтыкбек Чороев агай лекция өткөн мезгилде өлкөдө болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөр боюнча көп айтып берчү. Анан тарых факультетинде жалаң эле КПССтин сьездери, пленумдары жөнүндө гана көбүрөөк окууга туура келчү. Ал мезгилде Кыргызстанда КДК (Кыргызстан демократиялык кыймылы) деген кыймыл түптөлүп, карапайым элдин саясий активдүүлүгү күчөп турган мезгил болчу. Менин да бул саясий кыймылдарга болгон кызыгуум пайда боло баштаган.

Ошентип, менин саясатка болгон кызыгуум акыры 1991-жылы 31-августтан кийин активдешип, Кыргызстанда биринчилерден болуп каттоодон өткөн “Эркин Кыргызстан” саясий партиясына мүчөлүккө өткөмүн. Бул партиянын 1991-жылы 7-ноябрда өткөн курултайына өзүмдүн каражатым менен Бишкекке барып катышкамын. Ошол эле кезде КДКнын (Кыргызстан демократиялык кыймылы) эң акыркы курултайына да катышууга мүмкүнчүлүк алгамын. Мен ал кезде айылдык мектепте башталгыч класстарынын мугалими болуп иштечүмүн. Курултайдын жүрүшүн КТРК көрсөтүп, менин Бишкекте жүргөнүмдү РайОНОдон, ОблОНОдон байкап калышып, көзгө илинип калгамын. Себеби, ал курултайга райондон бир да эркек, менден башка аял киши барган эмес эле. Сузак райондук “Көк-Арт нуру” гезитине КДКнын курултайы боюнча бир бет интервью берип жеберип, ар тараптуу кысымга кабылгамын. Менин саясатка болгон алгачкы кадамым ушундай көп тараптуу кысымдар менен башталган. Курултайга катышкан ошол кездеги саясатчылар кийин Кыргызстандын бардык тармагындагы бийлик бутактарында иштеп жүрүштү.

Андан кийин, 1992-жылы 7-ноябрда тарых музейинде өткөн курултайда “Эркин Кыргызстан” партиясынын лидерлери өз ара пикир келишпей калып, партия экиге бөлүнгөн. Ушул эле күнү  “Эркин Кыргызстан” партиясынан бөлүнүп чыккан топ (35ке жакын адам) Ыссык-Көл мейманканасына (азыр бул жерде Ак үйдүн жаңы имараты жайгашкан) барып, “Ата-Мекен” саясий партиясынын биринчи уюштуруу конференциясын өткөрүшкөн. Мен ал кезде саясатты түшүнбөсөм да, кийинчерээк саясий көз караштар, лидерликти талашуудан келип чыгып отуруп, акыры партиялар майдаланып кеткенине күбө болдум.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин саясий партиялардын активдүүлүгү күчөп, аялдар да өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө саясий партияларга кирүү менен коомдун өзгөрүүлөрүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк алышты. Мисалга айтсам, 2007-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо партиялык тизмеге ар бир төртүнчү болуп аялдар киргизилди. Бул аялдардын Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүсүнө жакшы шарт түздү. Ал эми квота маселеси жергиликтүү кеңештерге шайлоодо да аялдардын депутат болуусуна жакшы шаарт түзүп берүүдө.

Экинчи: - Кыргызстандын тарыхында 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги болгон элдик ыңкылап дүйнө жүзүн өзүнө көңүл бурдуртуп, ар бирибиздин жан дүйнөбүзгө чоң өзгөрүүлөрдү алып келген. Мен да бул тарыхый окуяларда активдүү катышуучу болуп калганыма ошол учурда өтө кыйналсам, азыр ал кадамыма сыймыктануу менен караймын. Себеби, 2010-жылдын 8-апрелинде  Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтына эртең мененки саат 10:00 болгондо 200гө жакын топтолгон элдин алдына КСДПнын өкүлдөрү Б.Абдыразаков, Н.Касымбеков Убактылуу Өкмөт түзүлгөнүн билдиришти жана элдерди ынтымакка чакырган сөздөрдү сүйлөштү. Арадан жарым саатка жетпеген убакытта элдин саны улам-улам көбөйүп отуруп, 2 миңге жакындап кетти. Мен ал митингде “Бишкекте кан төгүлдү! Бүткүл дүйнөгө уят болдук. Курманбек Бакиев элдин талабын угуп койсо, ушул окуялар болбойт эле. Эми түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, Кыргызстанды сактап калалы!” – деп өз оюмду билдирдим. Менин ал сөзүмдү митингке көлгендерден колдогондор болуп, алар да элди ынтымакка чакырышты. Бул күнү менин сүйлөгөн сөзүм, бүтүндөй жашоомду башка нукка буруп салды. Ал митингке келгендердин арасында Бакиевдин туугандары, жактоочулары басымдуу болуп, ОБОН аялдар “Бакиевге каршы сүйлөдүң” – деп мага да кол салышты. Өбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров миңдеген жаш балдар менен митингке келип, улуттар аралык биримдик боюнча сөз сүйлөдү.

Менин ачык айткан сөзүм үчүн 4-5 ОБОН (отряд баб особого назначения) аялдар артымдан ээрчип жүрүп алышты. Ошол учурда Москвадан журналисттер телефон аркылуу чалышып, Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча түз эфирден сүйлөп беришимди суранышты. Арадан көп өтпөй саат 10:22:52де “Ъ-FM Москва” радиосуна Жалал-Абад шаарында ошол учурда болуп жаткан окуялар боюнча түз эфир аркылуу төмөндөгүдөй маалымат бергемин:

Мурдагы депутат, өзбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров өзүнүн тарапташтары менен облустук мамлекеттик администрациясынын имаратына киребиз деп аракет жасап жатышат. Аларды Шакир ажы Тайчабаров киргизбей, токтотуп жатат. Митингде Бакиевдин келээри айтылууда. Мурдагы губернатор Кошбай Масиров “Бакиевди коргоо комитетин” түзгөндүгү боюнча маалымат берди. Митинг уланып жатат”.

Бул күнү ал жерде менден башка журналист болбогондуктан улам, Жалал-Абад шаарындагы болгон окуялар боюнча “Интерфакс”, “АКИпресс”, “Кабар” маалымат Агенттиктерине жана башка ЖМКларга ыкчам жана байма-бай телефон аркылуу маалыматтарды берип турдум. Артыман калбай ээрчиген аялдардан кутулуу үчүн саат 11ге жакын Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун иш бөлмөсүндө 19 адамдан турган облустук Координациялык кеңештин алгачкы жыйынына катышып, ага мүчө болуп кирдим.

Ошентип, Жалал-Абад шаарында кырдаал курчуп, бул июнь окуяларына чейин чыңалууда турган. Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Тейит айылыда 12-апрель  саат 10:00дө президент К.Бакиевдин жакындарынын үйүнө пресс-конференцияга бардык. Бакиев чет элдик жана жергиликтүү 10дон ашык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берип, андан кийин короодогу чоң боз үйгө аксакалдар менен жолугушуу үчүн кирип кеткен учурда мага “АКИпресс-Фергана” Интернет сайтынан Зинакан Пасаңова телефон чалып калгандыктан, ага жооп берейин деп телефонду алганда бир топ аял, эркектер ур-токмокко алышып, колумдагы телефонду тартып алышып, аз жерден өлтүрүп койо жаздашкан. Ошол учурда Каныбек Бакиев алдыма келип калганда ага кыйкырып, “Уятыңар барбы, эмне кылып жатасыңар, токтоткула!” – дегенимде, ал “Токтоткула, сыртка чыгарып койгула!” – деп айткандан кийин гана балдар мени сыртка чыгарып коюшту. Бир Тико автоунаасы келип калгандыктан, ага отуруп түз эле Жалал-Абад шаарына келгемин. Бул минутада мени бир гана кудай аман сактап калды десем болот.

Токмок жеп, өзүмө келе албай турсам, 12-апрелде түштөн кийин облустук ЖТР телеканалы аркылуу Тейит айылындагы Бакиевдин пресс-конфренциясын жана андагы болгон окуяллардын баарын комментарийи жок эфирден кеткенин көргөндөр телефон аркылуу мага айтышты. Ошол замат ЖТРге барсам,  оператор Маматкадыр Маматалиев менен төрага орун басары Тынычбек Мамаев мени тосуп алышып, “бизден эфир кеткен жок, кирип ичинен таап ал”- дешип, шылдыңдап күлүштү. Маматалиев болсо “Тейит айылында болгон окуяларды Бакиевдердин өтүнүчү мен тартып бергемин” – деп жооп берди. Ал учурда облустук ЖТР телеканалын Бактыкан Ажымаматова жетектеп турган.

Менин ишиме тоскоолдуктар байма-бай болуп турду. 2010-жылы 13-14-майдагы Жалал-Абад шаарындагы кагылышууда маалыматты ыкчам берем деп жүрүп, жаракат да алгамын. Андан кийин, июнь окуялары болуп өттү. Бардык окуяларда кыйын кырдаал болгонуна карабай, мен журналисттик ишимди так аткарып жүрдүм.

Үчүнчү: -  Ал эми 2020-жылы 5-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө баш-аламандык башталып, бийликтин бардык бутактары иштебей калган эле.

Ошол учурдагы кырдаалдын курчтугун сезип, 8-октябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы мен жетектеген “Көк-АртИнфо” маалымат борборуна 15ке жакын ардагер аксакалдарды чакырып, журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштурдум.

Алар элди, жаштарды ынтымакка чакырышып, Садыр Жапаровго ак баталарын беришкен.

Кийин кырдаал жөнгө салынып, бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилген. Кыргызстан жок болуп кетүү коркунучунан кутулган. Өлккөдө тынчтык орноп, өнүгүү жолуна түшкөн!

Мен ар дайым өз миссиямды аткаргандан кийин, эч ким менен соодалашпай, бийликке барам дебестен, кызмат сурабай эле жөнөкөй кабарчы бойдон өз ишимди аткарып келгемин. Бул менин жашоомдогу негизги принцибим болгон.

ДАЯРДАГАН: ЖАНАРА

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24