KELECHEK
rek

ЗУУРА НУРМАТОВА ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫН ОН ЖЫЛ БАШКАРГАН

ЗУУРА НУРМАТОВА ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫН ОН ЖЫЛ БАШКАРГАН

Зуура Нурматова өзүнүн бүткүл өмүрүн элге, өкмөткө арнаган жана республиканыи түштүгүнөн чыккан Кыргызстандагы жогорку мамлекеттик, партиялык кызматтарга дайындалган  аялдардын бири болгон.

Биздин каарман Зуура Нурматова Жалал-Абад шаарында 1975-1985 - жылдары Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Жалал-Абад шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган мезгилде шаардын социалдык-экономикалык өсүүсүндө зор жетишкендиктер болгон.

Ал жетекчилик кылган 10 жылдын ичииде Жалал-Абад шаарынын экономикасын жана жаңы социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкендиги үчүн шаар бүткүл союздук мелдештин алты жолку жеңүүчүсү болгон. Шаарга КПСС БКнын, ВЦСПСтин жана ВЛКСМ БКнын Кызыл Туусу тапшырылып турган.

ӨМҮР БАЯНЫ:

Биздин каарман Зуура Нурматова 1928-жылы Ош областыиын Өзгөн шаарында туулуп, 1946-жылы финансы-кредиттик техникумду аяктагандан кийики эмгек жолу райондук финансы бөлүмүнүн бухгалтери болуп баштаган. Ал эми 1951-жылы Өзгөн райондук соода бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Андан кийин 1956-жылы Зуура Нурматова СССР соода министрлигинин жогорку соода мектебинин экинчи курсун аяктагандан кийин Кыргыз ССР соода министринин орун басары болуп дайындалган. В. Плеханов атындагы Москвадагы айыл чарба институтун бүтүргөн.

Кийинки эмгек жолу 1959 - 1964-жылдары Ош областтык аткаруу комитетинин  төрагасыныи орун басары болуп иштейт. Кыргызстан компартиясыиын Ош «Өнөр-жай обкомуиун катчысы, партиялык-мамлекеттик көзөмөлдүн Ош областтык комитетинин төрайымы болуп иштеген. Бул мезгилдин ичиндс Кыргызстандын эң ири регионуиун эл чарбасы бир топ көтөрүлгөн. Өнөр-жайда, пахтачылыкта, эгин өндүрүүдө,  тамекичиликте, мал чарбачылыгында жана башка тармактарда зор ийгиликтере жетишкен.

Зуура Нурматова 1965-жылдан тартып, 1975-жыдга чейин Кыргызстан Компартиясыныи Борбордук комитетинии соода, пландоо жана финансылык органдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ал эми 1975-жылдан тартып 1985-жылга чейии Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Жалал-Абад шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1985-жылы республикалык маанидеги ардактуу пенсияга чыккан.

Кыргызстан КП БКнын бир нече жолку мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7, 8, 9, 10-чакырылыштарынын депутаты болгон. «Ардак белгиси» орденинин, бир нече медалдардын ээси. Улуту кыргыз.

МАМЛЕКЕТТИН ӨНҮГҮҮСҮНӨ КОШКОН САЛЫМЫ:

Зуура Нурматова Жалал-Абад шаарын башкарып турган 1975-1985- жылдар аралыгында көп курулуштар курулган. Рембыттехника заводу иштей баштаган. Ошондой эле, Южремстройбыт трести түзүлгөн. 1977-жылы Жалал-Абад аэропорту “Як-40" самолётторун кабыл ала баштаган. Ал эми 1981-жылдары Жалал-Абад курортукун эң башкы корпусунун курулушу бүтүп, бир күндө 1200 адамды балчык жана жылуу суу менен тейлөөгө жетишкен жана курортто поликлиника жана “Кыз-Булак” соода борбору курулуп, ишке киргизилген.

Мындан сырткары, 1984-1985-жылдары облустук балдар ооруканасынын имараттары бүткөрүлгөн. Ошол эле жылдары 130 орундук шаардык мейманкана, Ленин көчөсүндөгү "Эл керектөөчү товарлар" дүкөндөрү курулган. Ар жыл сайын 30-35 миң квадраттык метр көп кабаттуу үйлөр курулуп, шаардын тургундарына берилип турган. Шаардык Спутник кичи району курулуп, курулуштар түптөлө баштаган.

Зуура Нурматова дайыма жоопкерчиликтүүлүгү, кичи пейилдиги, айкөлдүгү жана ак ниеттүүлүгү менен айырмаланган.

Ал эми Зуура Нурматованын бир тууган сиңдиси Ширинбү Нурматова эжеси жөнүндө төмөндөгүчө эскерет:

- Эжем Зуура Нурматова бүткүл өмүрүн эл-журтка арнап, кызмат өтөгөн. Ал Өзгөн райондук соода  бөлүмүмүнүн башчысы болуп 1954-жылга чейин эмгектенип, үлгүлүү кызмат кылгандыгы үчүн 19 жашында мамлекеттик сыйлыкка татып, “Эмгектеги каармандыгы” үчүн медалы менен сыйланган. Ал эми 20 жашында Жалпак-Таш айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.

Эжем түштүк регионунан биринчи жолу мамлекеттик кызматка дайындалган аял эле. Министрдин орун басары болуп турганда республиканын бардык региондорунда кызматтык командировкада болуп, анын жыйынтыктары менен министрликтин коллегиясында, Кыргызстандын компартиясынын бюросунда жана министрлер Советинин заседанияларында доклад менен чыгып өз ой-пикирин билдирип турган.

Ал ар бир ишке өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылат эле. Соода министринин орун басары болуп кызмат кылса да,  бир бөлмөлүү квартирада эки баласы менен жашаган. Азыр ойлосом, өз учурунда таза иштеген инсан болгон экен. Акындар Кыргызстанды кушка окшотуп түштүк менен түндүктү анын эки канаты деп элестетишет экен.  Эжем дагы өзүнүн эскерүү китебин “Между Югом и Севером”-деп атаган.

Жалал-Абад шаарынын тургундары эжемдин шаарга сиңирген эмгеги үчүн 2007-жылдын 22-мартында №5 Жалал–Абад шаарынын депутаттар кеңешинин чечими менен шаардагы “Кыздар-Түрк” лицейине Зуура Нурматованын аты коюлган. Мен, эжем менен сыймыктанам. Өзү өлсө да, жасаган эмгектери менен тарых барактарында түбөлүк калат деп ишенем!, - дейт Ширин Нурматова.

Сүрөттөр, документтер Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейинен алынды.

ДАЯРДАГАН: ЖАҢЫБАЕВА АНАРХАН.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13