KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинин президенти болуп Кантөрө Токтомаматов шайланды

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинин президенти болуп  Кантөрө Токтомаматов шайланды

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) учурда бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары идентификацияланып, ага ылайык ишмердик жүргүзүү аракеттерин баштады. Бул тууралуу аталган университеттин ректору Абдилбает Мамасыдыков билдирди.  

Анын айтымында, азыр ЭИУнун структурасында жогорку кесиптик билим берүү бөлүмдөрү менен бирге мектепке чейинки окуу-тарбия борбору, Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейи, Гуманитардык-экономикалык колледж, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжи, Магистратура, аспирантура жана докторантура департаменти, окуу-тарбия жараянын талаптуу уюштуруу үчүн бир катар көмөкчү бөлүмдөр, финансы-чарбалык түзүлүштөр бар.

Окуу-илимий-өндүрүштүк иш-аракеттерди комплекстүү түрдө жүргүзүү максатында ЭИУнун Илимий кеңешинин 2016-жылдын 28-июнундагы кеңейтилген отурумунун чечими менен окуу жайдын президенти кызмат орду аныкталып, бул кызматка экономика илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Аймактык менеджмент академиясынын  анык мүчөсү Кантөрө Шарипович Токтомаматов шайланды. Окуу жайдын президенттигине шайлоо чечими бир добуштан кабыл алынган. Университеттин президентинин ыйгарым укуктарына окуу жайдын өнүгүүсүн стратегиялык пландоо, инвестицияларды тартуу жана тышкы байланыштарды илгерилетүү маселелери кирет.

- К.Ш.Токтомаматовдун окуу жайдын президенти болуп шайланышы агайдын зор жетекчилик, педагогикалык жана илимий тажрыйбасы университеттин кийинки келечеги үчүн керектелгендигинен болууда. Ооба, анын алгылыктуу педагогикалык, илимий, коомдук ишмердиги коомчулугубузга кеңири маалым, ал тууралуу өмүр баяны, эмгектери, илимий даража-наамдары, сыйлыктары, ардактуу наамдары, эл оозунан чыккан алкыштар даана баяндайт, - дейт Абдилбает Мамасыдыков.

Эске сала кетсек, К.Ш.Токтомаматов Экономика жана ишкердик университетинин ачылышы, түптөлүшү, 23 жыл аралыгында жогорку кесиптик билим берүү тармагында ийгиликтүү иштеши үчүн жеке зор салымын кошкон жетекчи. Бул окуу жай Кыргыз Республикасында гана эмес, КМШ өлкөлөрү боюнча да алгачкы мамлекеттик эмес, рыноктук экономиканын шарттарына жана талаптарына толук жооп берген алгачкы университет болгон. Университет агайдын жетекчилиги астында 11 миңден ашуун адистерди даярдап чыккан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30