KELECHEK
rek

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы өздөштүрүлүп жатат

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы өздөштүрүлүп жатат

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү багытында аткарылган иштер боюнча  райондун акими Идирисов Тилек Казыбекович биздин бир нече суроолорубузга жоопторду берди. Төмөндө ошол маектешүүнү окурмандарга сунуштайбыз.

- Тилек Казыбекович, үстүбүздөгү жылдын 6 айында аткарылган иштерге кыскача токтолуп өтсөңүз?

- Үстүбүздөгү жылдын 6 айында райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүү багытында ар тармакта бир топ иштер аткарылды. 2016-жылдын 6 айында район боюнча жалпы дүң продукциянын көлөмү 851351,5 миң сомго жеткирилди, же бул өткөн жылга карата 46953,1 миң сомго аз болду. Жалпы ички дүң продукциянын 43 пайызы айыл чарба тармагынан, 29,6 пайызы өнөр жай тармагынан, 3,2 пайызы калкка акылуу кызмат көрсөтүү жана 24,2 пайызы товар жүгүртүү тарамыгынан алынды.

Өндүрүлүп алынган өнөр жай продукцияларынын 98,9 пайызы “Макмалалтын” филиалы тарабынан, 0,49 пайызы МПМК “Осмон” ишканасы тарабынан, ал эми 0,66 пайызы райондун аймагындагы кичи тегирменде, пескоблок, кийим тигүү өндүрүшү жана текстилдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүү жаатында иштеп жаткан ишкерлер тарабынан камсыздалды.

Өнөр жай тарамагынын экономикалык божомолго карата төмөн көрсөткүч болуп жатканыдыгынын себеби “Макмалалтын” комбинаты тарабынан өндүрүлгөн прдукцияга байланыштуу болду. Тактап айтканда, “Макмалалтын” комбинаты “Макмал” руднигинен казылып алынган рудадагы алтындын курамы төмөндөгөндүктөн улам комбинат чыгашага учурап, иштөө принциби төмөндөөдө. Ошондой эле, “Кыргызалтын” ААКнун буйругунун негизинде 2016-жылдын 1-мартынан 23-апрелине чейин руда топтоо иштерин жүргүзүү максатында комбинаттын иши токтогон.

“Макмалалтын” комбинаты үстүбүздөгү жылдын 6 айында 249205,5 миң сомдук 83,8 килограмм алтын продукциясын өндүргөн болсо, ал эми өткөн 2015-жылдын жарым жылына караганда 53,8 килограммга аз алтын продукциясы өндүрүлгөн.

- Айыл-чарба тармагында, талаачылыкта кандай иштер аткарылып жатат?

- Райондун аймагында 2016-жылдын түшүмү үчүн жазгы айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары район боюнча жалпы 2849 га аянт бекитилип, мунун ичинен 670 га жаздык буудай, 860 га арпа, 375 га жүгөрү, 322 га картошка, 205 га жашылча, 74 га май өсүмдүгү, 343 га көп жылдык чөп айдап себүү тапшырмасы кабыл алынып, райондук тиешелүү структураларага жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар жеткирилген. Өткөн жылга салыштырмалуу структура боюнча эгилүүчү аянт 113 гектарга көп, же 104,1 пайыз болду.

Райондо “Менин кирешелүү чарбам” долбооруна кирген Көк-Ирим жана Каргалык айыл аймактарына айылдык кеңеш кызматы менен биргеликте барып күнөскана куруу боюнча семинарларына катышып, дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, “Күнөскана куруу”, “Тамчылатып сугаруу” боюнча атайын министрлик тарабынан берилген палкаттар, китепчелер таратылып берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл аймактардын кеңселерине бурчтар уюштурулган. Жыйынтыгында, район боюнча 3 кичи күнөскана курулуп, дыйкандар: К.Чокморов, У.Мааткеримов, Ү.Чапкычиевдер алггачкылардан болуп түшүмүн базарга сата алышты.

Быйылкы жылдын 6 айына карата талаачылыкка 3 кардарга 514 миң сом, лизинг аркылуу 1 кардарга МТЗ-82,1 маркасындагы трактор Көк-Ирим айыл аймагынан Алиев Улукка суммасы 1 млн. 250 миң сом, райондогу “Айыл Банк” филиалы аркылуу жана “РСК банк” филиалы ркылуу талаачылыкка 1 кардарга 500 миң сомдук 10 пайыздык жеңилдетилген кредиттер берилди.

Натыйжада жалпы район боюнча 2016-жылга карата менчик огородду кошкондо жазгы талаа жумуштардагы бекитилген тапшырмадагы 2849 га аянттан 3429 га жер айдалып-себилип, жалпысынан 120,3 пайызга аткарылды.

- Тогуз-Торо району  тоолуу аймак болгондуктан, мал чарбачылыгы багытында кандай ийгиликтер жаралып жатат?

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен айыл аймактардагы жеке ветеринардык адистер жасалма жол менен уруктандыруу боюнча теоретикалык жана практикалык окуп келишкен.

Ошонун натыйжасында, 2015-жылы Абердин-Ангус, Ала-Тоо жана Швецкий пародаларынан Тогуз-Торо айыл аймагы 11 баш, Каргалык айыл аймагы 4 баш, Сары-Булуң айыл амагы 8 баш жалпы 23 бодо малга уруктандырышкан. Жыйынтыгында, 2016-жылы 6 даана Абердин-Ангус, Ала-Тоо жана Швецкий пародадагы торпоктор түшкөн.

Быйылкы жылдын 2-мартында жеке ветеринардык адистер менен жыйын болуп, алардын көйгөйлүү маселелерин жана 2016-жылга иш пландарын такуулап, канча бодо малга уруктандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ошондон кийин, Д.Молдогазиев 10 дозадагы урук, М.Эстебесов 20 доза урук алып келип уруктандыруу иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, фермерлер тарабынан өз каражатынын эсебинен уруктандыруу жылдан жылга көбөйүүдө. Жыйынтыгында район боюнча 78 баш уй Абердин-Ангус, Ала-Тоо тукумундагы урук менен уруктандырылды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата район боюнча: 2015-жылдын 1-январына салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 13 миң 186 баш саналып, 447 башка көп, кой-эчкилер 42 миң 593 баш, же 1034 башка көп, жылкылар 5968 баш, же 167 башка көп, үй канаттуулар 28083 баш, же 591 башка көп катталды. Ири мүйүздүү мал 3,5 пайызга, кой-эчкилер 5,1 пайызга, жылкы 2,8 пайызга, үй канаттуулар 5,3 пайызга өсүш болгон.

Быйылкы жылдын 1-июлуна карата айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча: 1286 тонна эт, 5656 тонна сүт, 832 миң даана жумуртка, 59,4 тонна жүн өндүрүлгөн. Айыл чарба азыктарынын баары өткөн жылга салыштырмалуу көп өндүрүлгөн десек болот. Натыйжада район боюнча жалпы айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүүдө 365739,3 миң сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 103,9 пайызга, ал эми белгиленген планга карата 102,6 пайызга аткарылды.

- Районго тартылган инвестициялар боюнча да тотколуп өтсөңүз?

- Райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүү максатында 2016-жылдын 6 айында тышкы жана ички инвестициядан 21967,1 миң сомдук инвестицияя булагы тартылды. Мунун ичинен чет элдик каржылоонун эсебинен инвестициянын көлөмү 1274,4 миң сомду түздү.

Ал эми ички каржылоонун эсебинен инвестициянын көлөмү 20692,7 миң сом болду. Бул 2015-жылдын жарым жылында өндүрүлгөн 15426,6 миң сомдук инввестицияга салыштырмалуу 142,4 пайызга, же 6540,5 миң сомго көп тартылды.

- Район аймагында жаңы мектептерди, бала бакчаларды, спорт залдарын куруу иштери кандай жүрүп жатат?

- 2016-жылдын 6 айына карата жалпы район боюнча 48363,4 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөн. Ал эми 2015-жылдын 6 айында 20871,3 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлүп, 2,7 эсеге же 27492,1 миң сомго жогору болду.

Атай айылындагы жалпы сметалык баасы 34 млн. сомдук 150 орундуу Барктабас атындагы орто мектебинин курулушуна бүгүнкү күнгө республикалык бюджеттен 3 млн сомдук акча каржаты каралып, мектептин фундаментин куюу иштери жүргүзүлүүдө.

Арал айылындагы жлапы сметалык баасы 55 млн. 267 миң сомдук 225 орундуу Бейше атындагы орто мектебинин курулушуна республикалык бюджеттен 7 млн. сомдук акча каражаты каралып, фундаментин куюу иштери жүрүп жатат.

М.Жаныбаева орто мектебине кичи футбол аянтчасын курууга жалпы 1801,5 миң сом каралып, 2015-жылы тендер өткөрүлүп 900,0 миң бөлүнүп, “Тагай Курулуш” ишканасы курулуш иштерин жүргүзүүдө.

Чет-Булак айылына спорт зал куруу боюнча 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 7 млн. 282 миң сом акча каражаты каралып, “Грант Строй Сервис” ишканасы быйылкы жылга спорт залдын курулушу ишке берүү алдында турат.

Чет-Булак айылындагы М.Абдыжапаров атындагы орто мектеби 1972-жылы курулуп, авариялык абалга келип, урап түшүү коркунучу бар болгондуктан, 2015-жылы 225 орундуу жалпы сметалык баасы  65 млн. сомдук жаңы мектептин курулушу башталып, 2016-жылга 2,5 млн. сом акча каражаты бөлүнүп курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Казарман айылындагы жалпы сметалык баасы 10 млн. 400 миң сомдук бала бакчанын чатыры жабылып, жалпы 80 пайыздык курулуш иштери жүргүзүлгөн. Ал эми бала бакчанын калган курулушуна жергиликтүү бюджеттен 3971,8 миң сом каралып, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бала бакча быйылкы жылы 1-сентябрга карата пайдаланууга берилет.

Ошондой эле, Кара-Суу айылында Т.Сатыбалдиев атындагы, Дөдөмөл айылында Калдыбай атындагы 225 орундуу орто мектептердин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат.

Жаңыл-Мырза бала бакчасынын экинчи кабатын капиталдык ремонттон өткөрүүгө түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн. 335 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, 2016-жылдын 6 айында Тогуз-Торо районунун аймагында жалпы 19 турук үй пайдаланууга берилип, бүткөндүгү боюнча документтери берилген. Булардын жалпы аянты 1715,6 кв.м түзүп, 17156,6 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөн.

- Транспорт жана байланыш тармактары боюнча да токтолуп өтсөңүз?

- Райондо республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомагистралдык жолдорду ремонттоого көңүл бурулуп, 2016-жылдын жарым жылында жалпы жолдорду оңдоо боюнча аткарылган жумуштун көлөмү 12 млн 917 миң сомду түздү.

Мунун ичинен Казарман-Акталчат автожолундагы 2 чакырымына жолдорду кара шагыл менен бодурлоо иштери жүргүзүлүп, иштин көлөмү 813,3 миң сомду түздү. Күнүмдүк оңдоо жумуштары боюнча жалпы 2716,4 миң сомдук жумуштар аткарылып, Казарман-Акталчат, Казарман-Жалал-Абад, Бирдик-Арал-Карл-Маркс, Киров-Өрнөк-Дөдөмөл автожолдору грейдер менен тегизделип келген.

Кышкы күтүү жумуштары, жолдорду күрткүлөрдөн тазалоо жалпы 1508,3 миң сомду түзгөн. Жайкы күтүү иштери боюнча жалпы 125 миң сомдук жумуштар жүргүзүлүп, жол белгилери коюлуп, панолор жазылып жолдогу километрдик мамычаларды актоо, сырдоо иштери жүргүзүлгөн.

Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча 97,6 мин сомдук жумуш жүргүзүлүп, Киров-Өрнөк-Дөдөмөл автожолундагы көпүрөнүн суу жеп кеткен жерлерин кайра жасап чыгып, габион сеткалар менен тосуу жумуштары аткарылган.

Үйрүм-Баш суусуна кичи көпүрөнүн курулушу боюнча 6672,1 миң сомдук жумуштар бүткөрүлүп, жакынкы аралыкта курулушу аяктап, ишке берүү алдында турат.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13