KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Капитал Банк” ААКнун филиалынын ачылыш аземи болуп өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Капитал Банк” ААКнун филиалынын ачылыш аземи болуп өттү (ФОТО)

Бүгүн, 12-августта “CAPITAL BANK” Ачык акционердик коому өзүнүн филиалын Жалал-Абад шаарында ачып, ага байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү. Бул тууралуу филиалдын директору Адашалы Токтоболотов билдирди.

Ачылыш аземине “Капитал Банк” Ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Эрмек Булатов, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдалы Темирбаев, “Коммерциялык Банк Кыргызстан” ААКнун Жалал-Абаддагы Башкы дирекциясынын башчысы Эсенбай Нурманбетов, “Азия Банкынын” Жалал-Абаддагы филиалынын директору Данияр Нуркулов жана шаар тургундары катышты.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Т.Темирбаев жаңы ачылып жаткан “Капитал Банктын” шаардагы бөлүмүнүн ишине ийгиликтерди каалап, шаар калкы үчүн жакшы мүмкүнчүлуктөрдү жаратып, орто жана чакан ишкерлик менен алектенген ишкерлерди колдоого алып, элибизге өзүнүн ак кызматын көрсөтө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Ал эми “CAPITAL BANK” ААКнун Башкармалыгынын төрагасы Эрмек Булатов да өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөп, банктын ишине ак жол каалады.  

- Бул банк жаш, бирок ошонусуна карабай ишкерлерге, элге кредит берүү кызматтарын көрсөтүүдө ийгиликтерди жаратып келе жатат. Жалал-Абаддагы ачылган филиалыбыз орто жана чакан ишкерлердин бизнесин колдоого алып, элге ипотекалык турак-жай алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берет. Иштерибизде ийгиликтер болуп, элибизде аманчылык болсун. Банк эл үчүн кызмат кыла берсин!” – деди Э.Булатов.

Ошондой эле, “Коммерциялык Банк Кыргызстан” ААКнун Жалал-Абаддагы Башкы дирекциясынын башчысы Э.Нурманбетов, “Азия Банкынын” Жалал-Абаддагы филиалынын директору Д.Нуркулодор да куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, банктын Жалал-Абаддагы филиалына күчтүү банк кызматкерлери кызматка киргендигин айтышып, алдыңкы банктардын катарына кошулуп, бул банк гүлдөй тургандыгын баса белгилеп кетишти.

Андан кийин, “CAPITAL BANK” ААКнун Жалал-Абаддагы филиалынын эшигинин кызыл тасмасы кесилип, анда келгендерге таттуулар жана шириндик суулар берилди.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38